Каба Атабеков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Атабеков Каба (1926, Тоң району) –белгилүү манасчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргыз жур..."
(Айырма жок)

26 июнь 2012, саат 11:08 учурдагы нуска

Атабеков Каба (1926, Тоң району) –белгилүү манасчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргыз журтчулугуна кадимки чоң манасчы Мамбет Чокморовдун шакирти катары таанымал. Атасынан эрте ажырап, турмуштун кыйынчылыгын тарткан экен. Манасчынын эскерүүсүнө караганда атасы элдик ырларды, легенда, жомокторду көп айтчу, ал эми энеси айылдагы мыкты кошокчу, жамакчылардан болуптур.

Атабековдун ырларды, ар кандай майда оозеки чыгармаларды, эпостордон уккандарын теңтуштар арасында айта коюп жүргөнү, кийин эпос айтып калуусунун баштапкы баскычы болгон. Чоң манасчы М. Чокморовдун колунда тарбияланып, үйрөнүп, эки жыл жүгөн. Залкар манасчы С. Каралаевдин айтуу манерасы, чоң таасир берген. Ш. Азизов менен болгон алакасы, бири-бирине атаандашып, күч сынаша “Манас” айтыша жүргөнү да эки манасчынын тең чыгарманын чыңалышына көмөк болгон. Атабеков оозеки үлгүнү табигый түрдө кабылдап, салттуу поэзияны улантып сактай билген, айта келген манасчы, ошону менен катар китептик үлгүнү да мыкты өздөштүргөн.

Азыркы учурда “Манас” үчилтигин толугу менен кагаз жүзүнө түшүрүүдө. Кол жазмадан болжол менен 64.512 ыр сабы бар. Ал эми КРУИАнын алтын фондусуна №217 инв. да үч кичине дептер кол жазмасы сакталууда. Ал “Чоң Казат окуясынан” “Жылкы тийүү” деп аталат. Негизинен С. Орозбаковдун жана М. Чокморовдун варианттарына жакын.


Колдонулган дабияттар.

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004