Муктар Ауэзов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Ауэзов Муктар (1897, Абай району, 1961 – Москва) – казак элинин жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коо..."
(Айырма жок)

26 июнь 2012, саат 11:41 учурдагы нуска

Ауэзов Муктар (1897, Абай району, 1961 – Москва) – казак элинин жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмер. Казак ИАнын академиги (1946), Казакстандын илимге эмгек сиңирген ишмери (1957), СССРдин көркөм адабият жаатындагы Сталиндик (1949), Лениндик (1959) сыйлыгынын лауреаты. Чыгармачылык жолун 1917-ж. “Эңли-Кебек” аттуу пьеса жазуудан баштаган, өмүр жолунда көптөгөн аңгеме, очерк, повесть, драма, роман ж. б. жаратып, бай мурас калтырган. Айрыкча анын “Абай жолу” аттуу төрт бөлүмдөн турган роман-эпопеясы (1955–65) дүйнө элдеринин көп тилдерине которулуп, жазуучуга зор атак-даңк алып келген. Ауэзовдун ысымы көрүнүктүү окумуштуу катары да илим дүйнөсүнө кеңири белгилүү. Ал казак адабияты боюнча алгачкы окуу китептеринин авторлорунун бири, анын калеминен казак жана СССР элдеринин адабияттарынын тарыхы менен теориясына арналган ондогон эмгектер жаралган. Ауэзов өз өмүрүндө кыргыз элинин белгилүү интеллигенттеринин, айрыкча биринчи муундагы белгилүү жазуучулардын дээрлик баары менен тыгыз байланышта болуп, таттуу алакада жүргөн. Чыгармачылыгына баалуу пикирлерди айтып, керек учурда жөлөк-таяныч болгон. Кыргыз жазуучу-акындары да анын кеп-кеңештерин жогору баалап, урмат-сый менен мамиле кылышкан. Ч. Айтматовдун келечектүү талант экендигин алгачкылардан болуп көрө билип, колдоо көрсөткөн. А. 20-жылдардан тартып эле кыргыз жергесине көп каттап, кыргыз фольклоруна, адабиятына кызыгып, айрыкча “Манас” эпосун изилдөөгө чоң салым кошкон. Ауэзов Ленинград университетинде окуп жүргөндө Кыргызстанга келип, ошол кезде кагаз бетине түшүрүлгөн Сагымбай манасчынын варианты менен кеңири таанышып чыккан. Ошондон тартып “Манас” проблемаларына бир нече жолу кайрылган. Көптөгөн жылдарга созулган изилдөөсүнүн жыйынтыгын “Киргизская народная героическая поэма “Манас” аттуу көлөмдүү изилдөөсүндө корутундулап берген. Окумуштуунун бул фундаменталдуу эмгеги манастаануу илиминде бүгүн да өзүнүн терең маанисин сактап келүүдө. Эмгек Ауэзовдун 1959-ж. жарыяланган “Мысли разных лет” аттуу жыйнагында биринчи жолу жарык көргөн. О. эле “Манас” эпосуна атайын арналып, Москвада басмадан чыккан “Киргизский героический эпос “Манас” аттуу жыйнакка киргизилген. А. бул улуу эстеликти жараткан, өстүрүп-өнүктүргөн, укумдан-тукумга өткөрүп сактап келген манасчыларга тиешелүү жалпы маалыматтарды ошол көркөм сөз өнөрчүлөрдүн чыгармалык өзгөчүлүктөрүн талдоого алат, Келдибектен баштап, Балык, Найманбай, Акылбек, Тыныбек, Сагымбай, Саякбай ж. б. белгилүү жомокчулардын өмүр-жолуна, өнөр ээси катары өзгөчөлүктөрүнө, манасчылык кесиптеги түш көрүү, үйрөнүү, мектеп ж. б. маселелер боюнча илимий баалуу пикирлерин ортого салган. Эмгектин “Поэманын мазмунуна кыскача талдоо” деген темадагы экинчи бөлүгүндө чыгарманын негизин түзгөн окуяларга токтолот, сюжеттик нукту 6 чоң темага бөлүп, ар бирин талдоого алып, мүнөздөмө берет. “Манас” эпосуна тиешелүү көп талаш-тартыштарды туудурган маселе чыгарманын пайда болуш доору. Ауэзов эмгегинде бул проблемага кеңири токтолуп, өз ойлорун иштин 3-бөлүмүндө “Манас” эпосунун пайда болуу доору жөнүндө” деген темада берген. Ауэзовдун пикири боюнча эл тарыхы менен тыгыз байланышта жаралган жана өсүп-өнүккөн “Манас” эпосу өз мазмунунда кыргыздардын тарыхы жолундагы көптөгөн урунттуу учурларын сактоо менен негизги өзөгү 840-жылдан кийинки окуяларга таандык, б. а. анын жаралышына 1110 жыл болду дешке мүмкүн деп эсептейт. Эмгектин төртүнчү бөлүгүндө “Манас” эпосундагы мүнөздөр м-н образдар, ал эми акыркы 5-бөлүгүндө чыгарманын көркөм ыктары талдоого алынган. Ауэзовдун кыргыз элине, анын маданиятына, “Манас” эпосуна кандай зор урматтоо менен мамиле кылганынын таасын далилин “Манастын” бар же жок болуу маселеси күн тартибине коюлганда (1952) жалпы союздук илимий конференцияга москвалык окумуштуулардын делегациясынын составында келип катышып, сөз сүйлөп, ага арачы болуу далалатынан да көрүүгө болот. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Ауэзов өзү “Манасты” изилдеп үйрөнүү ишине 30-жылдын башынан киришкенин, кийин ал иши бир нече жолу толукталганын айтып, ал кезде колдогу жалгыз вариант С. Орозбаковдон жазылган тексттер болгондуктан ошого таянып жыйынтык чыгарганын, изилдөөлөрүндө мурда айрым туура эмес корутундулар да орун алганын, эпосту изилдөө боюнча жүргүзүлгөн көп жылдык тажрыйбасына негизденип, эпос элдик чыгарма деген ишенимге келгенин айтат жана “Манас” кыргыз элине керек, элдикин элдин өзүнө берүү зарыл деген кеңеш берет. Ауэзовдун көркөм чыгармаларынан “Абай жолу” роман-эпопеясы “Караш-Караш окуясы” повести, айрым аңгемелери, илимий эмгектери кыргыз тилине которулуп жарык көргөн.

Колдонулган дабияттар.

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

ky:Ауэзов Мухтар Омарханович