"Багыш" эпосу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "“Багыш” – эпос. “Багыш” жөнүндө сөз болгондо түздөн түз “Манас” эпосунун каарманы эске түшө..."
(Айырма жок)

26 июнь 2012, саат 11:55 учурдагы нуска

“Багыш” – эпос. “Багыш” жөнүндө сөз болгондо түздөн түз “Манас” эпосунун каарманы эске түшөт. “Жедигердин эр Багыш”, “Жедигердин Багышы” же болбосо “Эр Багыштын Суртелки” деген саптар менен катар эле

Букардын тыяк бетинде,
Жетиөзөн деген жер бар.
Жетөзөндө жердеген,
Жедигер деген эли бар.
Ал жедигер ичинде
Багыш деген каны бар” – деген саптар Саякбайдын айтуусунда Бокмурундун атасы Көкөтөйгө аш берүү үчүн бир ханга кабарга бара жаткан Жаш Айдарга берген тапшырмасында айтылат. “Манас” эпосунда аттары аталган хандардын арасында Багыштын наамы алды менен айтылып, анын аброюнун жогорулугу жана жедигер элинен чыккан баатыр экендиги түз айтылбаса да контекст аркылуу ачылган. Багыш жөнүндөгү көлөмдүү эпикалык баян Кызылсуулук белгилүү баян жалаң гана Кызыл-Суулук кыргыздардын арасында кеңири тараган эпос болбостон, ошондой эле Алатоолук кыргыздардын да сүйүктүү чыгармасын айланган. “Багыш" баатырдык эпосун элге тартуулаган манасчы Жусуп Мамай “Манас” эпосунун сегиз муунунан сырткары кытайлык кыргыздар арасында тараган “Багыш”, “Толтой”, “Тутан”, “Мамаке Шопок”, “Көбөн баатыр”, “Тилекматтын баяны” сыяктуу Алатоолук кыргыздарга белгисиз эпикалык чыгармаларды жаратуу менен бирге, кыргыз элине кеңири белгилүү болгон. “Курманбек”, “Эр Төштүк”, “Жаңыл Мырза”, “Кыз Сайкал” сыяктуу эпостордун да варианттарын элге тартуулаган. Сөз болуп жаткан эпос чынында эле Алатоолук кыргыздар арасында өз алдынча айтылгандыгы эч жерде эскерилбейт. “Манас” эпосунун сюжеттик өзөгүндө Багыштын жана анын минип жүргөн тулпары менен жердеген жеринин аттары, каармандык жүрүштөрү көркөм баяндалган. “Багыш” баатырдык эпосу бир нече окуяны ичине камтыйт. Анын атасынан бийликти колуна алгандан баштап, тегерегиндеги жашаган калмак, тажик, манжу, түркмөн, чечен, каракалпак, маңгул, тейит, маңгыт, бараң кызылбаш элдеринен чыккан Бака, Королдой, Көңтөй, Болот, Байтур, Челекбаш, кырк каракчы сыяктуулар менен кандуу кармашта өз намысын бербестен жеңишке ээ болот. Багыштын атасы Бай Жедигер элин баатырдык көрсөтүп сактап турбастан, ал байлыгына таянып, алымын өз убагында берүү менен журттун тынччылыгын бузбай жашоо камын көргөн. Багыш мергенчиликтен келсе, элди калмак баатырлары келип, алымын алып, тукулжуратып кетет. Өз күчүнө ишенген Багыш малды куткаруу үчүн артынан жөнөмөк болгондо атасы Бай токтотот. Экинчи жолу калмак баатыры Королдой элди талап кеткенде, атасы дагы алдын тосот. Багыш макул болот. Бирок ал алдыртан камданып, атасына айтпастан аттанып кетет. Ушул ситуациядан баштап Багыштын жоокердик каармандыгы башталат да, баатырлар менен кармашууда өз үстөмдүгүн, баатырдыгын көрсөтөт. Өмүрүнүн акырына чейин Багыш жогоруда аты аталган душман балбандарынын астында калган жок. Бир гана Көңтөй дөөдөн запкы жеп, качып кутулат. Көңтөй менен экинчи жолу кармашууга мүмкүнчүлүк болбойт. Анткени, Көңтөй Манас тарабынан жаздым болот. Эпостун сюжетиндеги окуялардын өрчүү процесси жана анын негизги фабуласында Багыштын жедигер элин баскынчы душмандарга кор кылбастан сактап калууга багытталган. Анын негизги принциби –келген душманга сокку берип, бирок өзү тараптан башка элге кол салбоо. Мына ушунун далили катары Багыш Көңтөйдөн запкы жеп качканда өз күчүн топтоп, кийинки жылы кол салууну максат кылып коёт. Максатты иш жүзүнө ашыруу үчүн ал тегерегинде жашаган кыргыз хандары менен баатырларына кайрылууну туура табат. Багыш бул максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн өзүнүн оң колу, бардык иштерди тайманбастан аткарып келген Байтекени Атбашыдагы Кошой дөөгө, Көкжайыктагы Текечиге, Самаркандын сыртындагы Жамгырчы менен Шыгайга, Бозбелдеги Көкөтөйгө барып сырдашкын деп жөнөтөт. Атбашыга келгенде Кошой дөөнүн акылы менен Байтеке кыргыз хандарына барбастан, кайрылып элине келет да, Кошойдун ишенимдүү сөзүнөн кийин Багыш келген жоого сокку берип турат. Башка эпикалык чыгармалар сыяктуу эле “Багыш” эпосунун сюжеттик ар кыл темадагы эпикалык окуялар циклдеринен куралган. Сюжетти бириктирип жана болуп жаткан окуянын карым катыштарын өрчүтүп, өнүктүрүп турган эпикалык окуялар башкы каармандын тегерегине топтоштурулган. Тынчтык, көз каранды эместик сыяктуу элдик идея иш жүзүнө ашырылган. Демек, эпостун идеялык мазмунун түзгөн эпикалык окуялардын циклдери башкы идеяны бир сюжетке бириктирүү менен эпостун негизги фабуласын ачкан. Эпос Кызылсуулук көрүнүктүү манасчы Жусуп Мамайдын айтуусунда 1991-ж. Үрүмчү шаарында араб арибинде басылган жана Кыргызстанда 40 томдук “Эл адабияты” сериясында жарык көргөн.

Колдонулган дабияттар.

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004