Бакашова, Жылдыз Кемеловна: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Бакашова Жылдыз (1960-ж. туулган, Каракол шаары) – адабиятчы, журналист-педагог, филология илимдер..."
(Айырма жок)

26 июнь 2012, саат 12:21 учурдагы нуска

Бакашова Жылдыз (1960-ж. туулган, Каракол шаары) – адабиятчы, журналист-педагог, филология илимдеринин доктору (1998). КМУнун журналистика бөлүмүндө (1977–82), КРУИАнын аспирантурасында (1985–1988) окуган. КазМунун докторантурасында болгон (1996–1998). Кыргыз журналисттерин даярдоого эмгек сиңирген. 2003-жылдан КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын проректору. Бакашова жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларынын көркөмдүгүн, поэтикасын талдоого алган белгилүү окумуштуу. Анын “Ч. Айтматовдун повесттериндеги сүрөттөө каражаттарынын көркөмдүк функциясы” (1992), “Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү” (А. Садыков менен авторлош) (1997), “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы салыштыруу жана метофора” (1997), “Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы стилдик бөтөнчөлүктөрү” (1998), “Өлбөстүк символу”, “Айтматовдун “бороону” (2002), “Кыргыз журналистикасынын тарыхы” (2002) деген окуу китептери жана монографиялары жарык көргөн.

Колдонулган дабияттар.

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004