Айыга баштоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''АЙЫГА БАШТОО''' — оорунун белгилери бара-бара жоголуп, организмдин тиричилигинин калыбына кел..."
(Айырма жок)

27 июнь 2012, саат 06:50 учурдагы нуска

АЙЫГА БАШТОО — оорунун белгилери бара-бара жоголуп, организмдин тиричилигинин калыбына келе башташы. Бул мезгилдин айкын чеги жок, себеби кээ бир органдын кызматы оору күчөп турганда эле калыбына келет. Айыга баштоо тез жана жай болуп айырмаланат. Айыга баштоодо тамакка оорулуунун табити жана абалы оңоло баштайт. Бул мезгилде жалпы организмди чыңдай турган дарылоо жана медициналык кайра калыбына келтируу жүргүзүү маанилүү. Кээ бир жугуштуу ооруларда (ич келте, дизентерия) айыга баштоо мезгилинде деле оору козгогучу бөлүнүп турат. Ошондуктан, мындай ооруларга атайын эпидемияга каршы чаралар көрүлөт. Айыгуу толук жана толук эмес болуп бөлүнөт. Толук эмес айыгууда оорудан бузулган функциялар калыбына толук келбейт, организмдин ыңгайлануусу жана эмгекке жарамдуулугу азыраак болот. Толук айыкканда организмдин оорудан бузулган функциялары, эмгекке жарамдуулугу толук калыбына келет.

Колдонулган адабияттар