Алкалоиддер: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Ак шишик''' (күпчөк) — организмдин тканы менен көңдөйүнө суюктуктун ашыкча чогулушу. Көбүнчө т..." |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Ак шишик''' (күпчөк) — организмдин тканы менен көңдөйүнө суюктуктун ашыкча чогулушу. Көбүнчө териде, тери алдындагы май клетчаткада, плевра жана ич көңдөйлөрүндө, калта ж. б-да байкалат.
Көпкө А. ш. басканда ал жердин тканы азыктанбай, инфекция кирип, жаранын пайда болушуна шарт түзүлөт. Бул учурда терини травмадан сактоо, таза кармоо, одуракай ич кийим кийбөө, ич кийимди бат-бат алмаштыруу, марганец кычкыл калийдин мала эритмеси менен терини сүртүү, теринин сыйрылган жерине бриллиант жашылынын 1%түү эритмесин сыйпоо керек.
А. ш. баскан оорулуу өзүн-өзү контролдоп, кабыл алган жана бөлүп чыгарган суюктукка көз салуусу, тамакка кошулган тузду өтө аз пайдалануусу зарыл.
Азыркы медицинанын жетишкендиктери, заара айдама дарылар туз-суу алмашууну жөнгө салат. Ошондой эле калийи көп тамак (сүт азыктары, абрикос, кургак өрүк ж. б.) сунуш кылынат. [[Жүрөк|Жүрөгү]], боору, бөйрөгү оорулуулардын врачка өз убагында көрүнүп туруусу А. ш-тин алдын алат.
|