Браузер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.6.4) (робот өзгөрттү: te:విహరిణి
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: ka:ინტერნეტ-ბრაუზერი; косметические изменения
1-сап:
'''Веб-обозрева́тель (Веб-серепчи)''', '''бра́узер''' (англ. Web browser, ''броузер'' варианты — эски формасы) веб-сайттарды кєрүш үчүн программалык жабдылыш, б.а. '''браузер''' Тармактан (Сеть) алынган веб-барактарды карап чыгуу жана иштетүү, бир барактан 2-сине өтүү үчүн кызмат кылат.
 
Браузерлердин көбү FTP-серверлерди башын көрсөтө алышат. Браузерлер Дүйнөлүк Тармак пайда болгондон баштап өнүгүп келген, кийин Тармак кеңейген сайын улам кеңири колдонулуудагы программалардан болуп калышты. Азыр браузер — веб-барактардын тутумундагыларды иштетүү жана чыгаруу үчүн комплекстүү тиркеме (приложение) жана веб-сайт менен кардардын ортосунда интерфейсти камсыздоочу. Бардык популярдуу браузерлердин кызматы акысыз (бесплатно) болот же башка тиркемелер менен бирге сунуш этилет. Мисалы, Internet Explorer ( Microsoft Windows менен бирге), Mozilla Firefox (акысыз, Linuxтин кээ бир Ubuntu сыяктуу дистрибутивдери менен тутумдаш эркин ПЖ (свободное ПО), Safari (Mac OS X менен бирге жана Microsoft Windows үчүн акысыз), Opera (8.50 версиясынан баштап бекер), Google Chrome (бекер), Avant (бекер).
 
== Өнүгүш тарыхы ==
 
Графикалык интерфейси бар алгачкы кеңири таралган браузер болуп NCSA Mosaic эсептелет. Бул браузер кемчиликтерден куру эмес болучу, бирок аны негиз катары алып, башка браузерлер (Netscape Navigator и Internet Explorer) түзүлөт. Netscape Navigator браузерин түзүлгөн кезде бул кемчиликтер четтетилет. Анткени, Netscape компаниясынын айрым кызматкерлери мурда NCSA компаниясында иштешип, Mosaic браузерин түзүшкөн болучу.
 
Netscape Navigator браузери ар кандай операциялык системалар (UNIX, Windows, Mac OS) үчүн түзүлгөндүктөн, Netscape компаниясы ийгиликтерге жетишти. Ошондон кийин, Microsoft компаниясы дагы өзүнүн Internet Explorer (IE) деген браузерин түздү.
Microsoft дароо IE деген локалдашкан версияларын жаратты. В 1995-жылы Microsoft Windows 95 операциялык системасын чыгарды, бул ОС тун чиркелген браузери болгон эмес, бирок кийин жаңыртылган Windows 95 OSR2 версиясында Internet Explorer 3.0 браузери кошоктолгон болучу. Ошол эле учурда, Microsoft өз браузерине HTML тилинин стандарттар менен туура келишпеген версиясын коюп койгон. Так ушул факт браузерлер чырын (война браузеров) баштады, натыйжада Microsoft компаниясы браузерлер базарынын 95 %ин ээлеп алды.
Базардан айрылган Netscape компаниясынын кирешеси төмөндөп, аны AOL сатып алды. Netscape тин браузеринин баштапкы коду MPL (Mozilla Public License) деген эркин (свободной) лицензия менен чыгарылган болучу. вание «Mozilla» деген ат Netscape тин браузеринде адегенде эле болгон жана Mosaic+killer деген сөздөрдөн куралган эле. Бирок, бул код эми пайдаланылбастан, анын ордуна жаңы Netscape 6 компаниясында жаңы кыймылдаткыч (Gecko) түзүлдү. Ал, стандарттарды толук колдоп турууга эсептелген болучу. Кийин мунун негизинде бир комплектиге кирген Mozilla Suite браузер, почталык клиент жана irc-клиент, веб-барактардын редактору түзүлгөн.
 
Кийин Mozilla Foundation компаниясында браузерди жалпы пакеттен бөлүп берүү жана өнүктүрүү чечиминин негизинде Mozilla Firefox долбоору пайда болду. IE жана башка браузерлерде болбогон көп мүмкүнчүлүктөр Firefox браузеринде бар.
IE браузери базарды жалгыз ээлеп калгандан кийин Microsoft компаниясы браузерди 4-дөн 6-версиясына чейин такыр жакшыртпай койду. Бирок, 7-версиясынан баштап IE жакшыртыла (таб-закладкалар кошулду, стандарттарды колдоо оңолду, ылдамдыгы жогорулады жана интерфейси жакшыртылды) баштады. 19-март 2009-жылы компания Internet Explorer [4] дин 8-версиясын, ал эми 2011-жылдын 14-мартында 9-версиясын чыгарды. Компания Internet Explorer ди Яндекс, Mail.ru жана Рамблер компаниялары менен бирге базарда активдүү жылдырып жатат
 
1995-жылы Opera браузери пайда болду. Адегенде Opera шарттуу-акысыз ПЖ (условно-бесплатное ПО (shareware)) катары сунуш этилди: ошондуктан ал дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө анча барксыз болгону менен КМШ өлкөлөрүндө кеңири таралды окшойт. 2005-жылдан баштап Opera дагы акысыз таратыла баштады.
19-сап:
Браузерлер чырынын жүрүшүндө компаниялар браузерлерге атайын, стандарттуу эмес мүмкүндүктөр кошумчалап турушту. Мисалы, документтерге интерактивдүүлүк берүүчү JavaScript деген сценарий тилин колдонууда көп айырмачылыктар болду. Натыйжада көп сайттар браузерлердин биринде жакшы иштешсе, экинчисинде начар иштеп калышты.
 
Microsoft компаниясы Internet Explorer 8 браузеринде адегенде HTML-комментарий киргизүүнү сунуштаган: бул учурда браузерлерге кыймылдаткычтардын кайсы версиясын пайдалануу көрсөтүлүп турмак ( DOCTYPE деген бөрк аз пайдаланылат деп алып ташталмак). Бирок, мындай учурда стандарттарды пайдалануу тууралуу көрсөтмө берилбегендиктен, буга стандарт жактоочулар макул болушкан жок. Кийинчерээк IE8 де «тутумдаштык режиминин» (англ. quirks mode) ордуна «стандарттар режими» (англ. standards mode) унчукпай колдонула берет, ал эми тиешелүү комментарий учурунда мурдагы версия имитацияланат дешти.
 
2008-жылы Google компаниясы Chromium эркин (свободный) долбооруна негизделгенChrome деген өз браузерин чыгарды. Chrome браузеринде кээ бир жаңылыктар бар (үзүлмөлөрдү изоляциялоо, «инкогнито» режими ж.у.с.). Windows XP, Windows Vista, Windows 7, Linux жана Mac OS операциялык системалары үчүн версиялар түзүлдү.
 
2009-жылы Microsoft компаниясы Gazelle деген жаңы браузер түзөрүн жарыялаган. Жаңы браузер, көп кардарлууоперациялык системаларга мүнөздүү болгон ресурстарды бөлүп колдонуу принциптерин пайдаланмакчы. Microsoftтун оюнча бул жаңы браузердин коопсуздугун арттырмакчы.
 
== Кеңири таралган браузерлер ==
32-сап:
|-
! Аз таралгандар
| [[Lunascape]], [[Sleipnir (браузер)|Sleipnir]], [[CoolNovo]], [[SRWare Iron]], [[Chromium]], [[Mozilla]], [[Netscape Navigator]], [[Flock]], [[Maxthon]], [[Konqueror]], [[SeaMonkey]], [[GreenBrowser]], [[Avant Browser]], [[AOL Explorer]], [[Galeon]], [[Epiphany]], [[Kazehakase]], [[Charon (браузер)|Charon]], [[Arachne]], [[Links2]], [[SlimBrowser]], [[FastIE]], [[MyBrowser]], [[Dillo]], [[K-Meleon]], [[Arora]], [[RockMelt]], [[WallTriX]], [[Midori_Midori (браузер)|Midori]]
|-
! Текстовые
43-сап:
== Таралыш географиясы ==
 
Россияда 2009-жылдын январынан ошол жылдын сентябрынын аягына чейин 1-орунду Opera (36-40 %) ээлеп келди, андан кийин чукул төмөндөдү, декабрдын башында Opera кайра алдыга чыкты, бирок кийин алдыга Firefox өттү. Ошондой эле, Россияда LiveInternet.ru. да жаман эмес. Opera Украинада, Грузияда, Казахстанда жана Өзбекстанда, деги эле КМШ (СНГ) өлкөлөрүндө алдыда.
Mozilla Firefox болсо Индонезияда (80 %), Германияда (жарымынан ашык), Чыгыш Европада, Африканын жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө алдыда.
Түштүк Кореяда 2007—2008-жылдарда 99 % кардарлар Microsoft Windows да Internet Explorer ди колдонуп турушту, анткени бардык банк жана өкмөт сайттары мийзам боюнча ActiveX колдонууну милдеттендиришкен (бул мийзам 2010-жылдын июнунда алынган). Кытайда да Internet Explorer ди кардарлардын 90% и колдонот, бул өлкөдө Maxthon браузери да көп пайдаланылат .
Chrome браузери да көп өлкөлөрдө абалы жакшы.
 
67-сап:
{{Веб и веб-сайты}}
 
[[CategoryКатегория:Браузерлер]]
[[CategoryКатегория:Браузерлер интерфейси]]
[[CategoryКатегория:Тонкий клиент]]
 
[[af:Webblaaier]]
115-сап:
[[it:Browser]]
[[ja:ウェブブラウザ]]
[[ka:ინტერნეტ -ბრაუზერი]]
[[kk:Веб шолғыш]]
[[ko:웹 브라우저]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Браузер" булагынан алынды