Илим: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Илим''' – болмуш ([[жаратылыш, адам, коом, ой]]) жөнүндө объективдүү жаңы билимдерди теориялык жактан системалаштырып, иштеп чыгууга багытталган илимпоздордун, алардын билимдери менен жөндөмдүүлүктөрүн, квалификациясы менен тажрыйбасын; илимий эмгектин бөлүнүшү менен кооперацияланышын; илимий мекемелердин эксперименталдык жана лабораториялык жабдууларынын бардык шарттары менен жагдайларын; илимий изилдөөнүн методдорун, түшүндүрмө аппаратын, илимий информациялардын системасын, ошондой эле өбөлгөсү да, каражаты да, илимий өндүрүштүн натыйжасы да боло алуучу даяр билимдердин жалпы суммасын камтыган ишмердиктин бир түрү; коомдук аң-сезимдин бир формасы. Илим тарыхый өнүгүүнүн жүрүшүндө коомдун өндүргүч күчүнө айланат. Илимдин коомдук аң-сезимдин башка формалары (искусство, мораль) менен байланышы жана алардан принциптүү айырмасы да бар. Философия менен илимдин байланышы татаал, бирок бири-бирине таяныч. Философия Илимге методологиялык таяныч болот, Илимдин жетишкендиктерин философиялык жактан түшүндүрөт. [[Философия]] да [[Илим]] сыяктуу билимдерди теория түзүп, чыгарган тыянактарын логикалык жактан негиздейт жана далилдейт. Философиянын тарыхында Илимдерди классификациялоонун үзгүлтүксүз изденүү менен калыптанган өзүнчө салты бар. Илимди классификациялоо белгилүү принциптердин негизинде Илимдин өз ара байланышын жана логикалык ырааттуулукта жайгашуусун көрсөтүүгө багытталат.
 
[[af:Wetenskap]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Илим" булагынан алынды