Лев Выготский: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "{{Илимпоз |Ысымы = Лев Семенович Выготский |Расмий ысымы = |Сүрөт = Mele..."
 
No edit summary
3-сап:
|Расмий ысымы =
|Сүрөт = Melekhov.jpg
|Туурасы = 200px
|Сүрөттүн аталышы = Лев Семенович Выготский
|Туулган жылы = 17.11.1896 (5)
|Туулган жери = Орша, [[Орусия империясы]]
17-сап:
|Илимий жетекчиси =
|Белгилүү окуучулары = [[Леонтьев, Алексей Николаевич|А. Н. Леонтьев]], [[Лурия, Александр Романович|А. Р. Лурия]], [[Запорожец, Александр Владимирович|А. В. Запорожец]], [[Божович, Лидия Ильинична|Л. И. Божович]]
|Белгилүү болгондугу = **[[Маданияты-тарыхий психологиясынын теориясы]]
|Сыйлыктары =
|Кол тамгасы =
25-сап:
'''Лев Семенович Выготский''' (Баштапкы ысымы — Лев Симхович Выгодский; 5 (17) ноябрь 1896, Орша, [[Орусия империясы]] — 11 июнь 1934, [[Москва]]) – орус психологу. «Жогорку психологиялык функцияларынын өнүгүү тарыхы» (1831) деген эмгегинде адамзаттын цивилизациясынын баалуулуктарын индивиддин өздөш-түрүү процессинде, [[Психика|психиканын]] өнүгүүсүнүн маданий, тарыхый теориясын иштеп чыккан.
 
[[Жаратылыш]] берген («натуралдык») психикалык функциялар, өнүгүүнүн жогорку деңгээлинин («маданий») функциясына кубулуп өтүп кетет. Мисалы: механикалык эске тутуу логикалыкка, импульстуу аракет – каалагандай кыймылга, ассоциативдик элестер – максаттуу ой жүгүртүүгө, чыгармачыл элестүүгө өтүшү. Бул процесс – [[Интерриоризация|интерриоризациянын]] натыйжасы. Балдардын [[Психология|психологиясын]] изилдөөдө жаңы тармак ачып, [[Дефектология|дефектологиянын]] жана [[Психиатрия|психиатриянын]] өнүгүүсүнө салым кошкон.
 
Выгоскийдин теориясы боюнча балдардын дүйнөнү кабылдоосу, түшүнүүсү айланасындагы адамдар менен кызматташуунун натыйжасында калыптанат. Ал «Өнүгүүнүн жакынкы зонасы» идеясын сунуш кылган. Балдар үчүн кабылдоого оор болгон тигил же бул проблема чоңдордун же тажрыйбалуу кишилердин жардамы менен чечүүгө мүмкүн болгондой абалга келет. Жардамчылар менен дайыма кызматташып туруу жеткинчектин тигил же бул проблеманы оңой чечип, өзүнүн жеке турмуштук тажрыйбасы катары кароого мүмкүнчүлүк түзөт. Бала акырындап айрым маселелерди өз алдынча чечүүгө үйрөнөт.
 
Выгоский 10 жыл бою дефектология тармагында эмгектенген. Москвада аномалдуу балдар [[Психология|психология]]сы лабороториясын негиздеген (1925-1926). Аномалдык балдардын өнүгүүсүнүн жаңы теориясын иштеп чыккан. Чыгармачылыгынын акыркы жылдарында ойдун жана сөздүн катышы проблемалары, түшүнүктөрдүн [[Онтогенез|онтогенез]]деги өнүгүшү, [[Эгоцентрист|эгоцентрист]]тик сөздүн көйгөйлөрүнүн жана башка темалардын үстүндө иштеген.
 
Ата мекендик жана дүйнөлүк психология, педагогика, дефектология, искусствого киришүү, философия сыяктуу илимдеринин өнүгүшүнө өз салымын кошкон.
 
Өмүрүнүн акыркы жылдарында аң-сезимдин түзүлүшүн изилдөөгө чоң көнүл бөлгөн («Ой жүгүртүү жана тил», 1934)
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
[[Категория: Педагогика]]
 
[[Category:Инсандар]]
 
[[Category:Психология]]