Геометрия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Woman_teaching_geometry.jpg|thumb|Балдарга геометрия сабагынан үйрөтүү.Иллюстрациялоо [[Париж|париж]]деги Евклиддин «Башталышы», XIV кылымдын башыда.]]Геометрия - – тегиздиктеги ([[Планиметрия|планиметрия]]) жана мейкиндиктеги ([[Стереометрия|стереометрия]]) фигуралардын касиеттерин иликтеп үйрөнүүчү [[Математика|математика]]нын бөлүгү.
Геометрия термини (латын тилинде «гео» – жер, «метрия» – ченейм) жер ченөө деген сөздөн келип чыккан. Демек, геометрия илиминин элементтери биздин эрага чейин көп кылымдар мурда эле пайда болгон. Мисалы, [[Евклид]]ге чейинки математиктер тегеректин аянтын жана шардын көлөмүн эсептөөнү билишкен. Геометрияны математика илиминин өз алдынча бөлүгү катары системалаштырылган биринчи эмгек.
 
IV–III кылымдарда жашаган грек математиги Евклиддин [[«Башталышы»]] болгон . Евклидге чейин геометрия илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон окумуштуулар Милетте төрөлгөн жана б. з. ч. VI кылымда жашаган окумуштуу илимпоздордун Милет мектебин түзгөн Фалес жана Кичи Азия жээктеринде жакын жайгашкан Симос аралында б. з. ч. VI к-да төрөлгөн, Грециянын колониясы болгон Италиянын түштүгүндө Кротон шаарында өзүнүн мектебин түзгөн [[Пифагор]]лор болушкан. Фалес соодагер болгон. Соода иштери боюнча [[Египет]], [[Азия]], Халдей жана башка өлкөлөргө каттап турган жана өзүнүн билимин ал жерлердеги окумуштуулардын эмгектери аркылуу байытканга аракеттенген. Фалес математикага алгачкы болуп далилдөөнү киргизген. Пифогор дагы Египет, Вавилон жана башка жерлерди көп кыдырган жана өзүнүн билимин тереңдеткен. Пифагорго чейин Кытайда, Вавилондо, Египетте Пифагордун атын алып жүргөн теорема белгилүү болгон жана далилденген.
 
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Геометрия" булагынан алынды