Чыныгы социализм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Чыныгы социализм''' (Истинный социализм) – 19-кылымдын 40-жылдарында негизинен Германияда кең..."
 
No edit summary
3-сап:
Чыныгы социализм «философиялык коммунизмдин» эклектицизмин мурастап алган, моралга негизделген социализм тууралуу окууну иштеп чыккан, социализмдин экономикалык жана саясий негизин четке каккан, баардык таптардын ортосундагы ынтымакка чакырган, жумушчулардын майда өндүрүшчүлөргө айлануусун талап кылган, күрөштүн революциялык каражатына каршы чыккан, ашынган улутчулдукту жактаган. Чыныгы социализм майда буржуазиялык маңызга ээ болгондуктан,
 
'''[[Германиядагы''']] саясий күрөштүн күчөшү менен улам реакциячыл мүнөз күткөн. К. Маркс менен Ф. Энгельс «Немецтик идеология» (1845–46) деп аталган эмгекте «Чыныгы социализмдин» илимий мүнөздө эмес экендигин жана идеологиялык-саясий жактан алсыздыгын көрсөтүү менен аны «Коммунисттик партиянын Манифестинде» (1847–48) «...реакциячыл кызыкчылыктардын, немецтик мещандардын кызыкчылыктарын» чагылдырган окуу деп аташкан. Энгельс анын өкүлдөрүн «...немец адабиятындагы реакциячыл элементтер», – деп атоо менен чыныгы социализм реакциячыл табиятка сугарылган деп көрсөткөн. В. И. Ленин Чыныгы социализмдин маани-маңызын «таптык күрөштү ж-а саясий эркиндиктин маанисин түшүнбөстүк.
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9