Эмоциялар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Эмоциялар''' (фр. emotion – толкундануу, лат. emoveo – толкундантам) – адамдардын жана айбанаттард..."
(Айырма жок)

5 июль 2012, саат 11:13 учурдагы нуска

Эмоциялар (фр. emotion – толкундануу, лат. emoveo – толкундантам) – адамдардын жана айбанаттардын сырткы жана ички дүүлүктүрүүлөргө кубануу, коркуу, ырахаттануу, нааразылануу ж. б. түрдө көрүнгөн субъективдүү реакциялары.

Эмоциялар адамдардын психикалык ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун регуляциялоонун ички механизми болуп кызмат кылат. Пайдалуу таасир көрсөтүү менен жаралуучу оң эмоцияларды субъект сактап калууга аракеттенет.

Терс эмоциялар болсо зыяндуу таасир көрсөтүүлөрдү жандап өтүүгө багытталган активдүүлүктү жаратат. Пайда болгон кырдаалдарга субъекттин алы жетпей калган экстремалдык учурларда аффектилер деп аталган кыска мөөнөттөгү эпкиндүү эмоциялар туулат.

Эмоциялар жүрүм-турумдун пайдалуу формаларын, эрежелерин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт. Адам эмоциясынын түптөлүшү анын инсан катары калыптанышынын негизги шарты. Сезимдер адам эмоциясынын өнүгүшүндөгү эң жогорку натыйжа болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9