Дене тарбия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дене табия''' – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыңдоого жана дененин өс..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Дене табиятарбия''' – тарбиялоонун жалпы системасынын адамдын ден соолугун чыңдоого жана дененин өсүшүнө арналган бөлүгү. Ал нравалык, эстетикалык тарбия жана политехникалык окутуу менен байланыштуу. Дене тарбия [[Байыркы Грецияда]] жана [[Рим]]де өнүккөн. Орто кылымда [[Франция]]да Ф. Рабле, М. Монтель дене тарбияны акыл-ой, билим менен байланышта кароо керек дешкен. Педагог [[ Коменский, Я. А|Я. А. Коменский]] педагогика эмгектеринде балдар гигиенасына, тамактануу жана ден соолук режимине, оюнга, машыгууларга өзгөчө көңүл бурган.
 
Орустун алдыңкы педагогдору жана коомдук ишмерлери [[Белинский, Виссарион Григорьевич|В. Г. Белинский]], [[Чернышевский, Николай Гаврилович|Н. Г. Чернышевский]] балдардын дене тарбиясына чоң маани берген. Улуу педагог [[ Ушинский,Константи́н Дми́триевич|К. Д. Ушинский]] окуучулардын эске тутуу жөндөмүн өөрчүтүү, чарчаганда эс алуу үчүн дене тарбия сөзсүз керек экенин көрсөтүп, аны мектеп программасына киргизүү зарыл деп эсептеген. Мектеп жашына чейинки кенже балдарда дене тарбиянын негизи – баланы тазалыкта багуу жана туура тамактандыруу. Мектеп жашындагы балдарга дене тарбия атайын программа менен физкультура сабагында жана сабактан тышкаркы убакыттарда өткөрүлөт. Дене тарбияга жогорку окуу жайларында да чоң көңүл бурулат. Анын негизги каражаттары: гимнастика, спорт оюндары, туризм жана башкалар
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дене_тарбия" булагынан алынды