Жан-Жак Руссо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Jean-Jacques Rousseau (painted portrait).jpg|thumb]]
'''Жан-Жак Руссо''' (фр. Jean-Jacques Rousseau).1712-жылдын 28-июнунда [[Женева]] шаарында төрөлүп, 1778-жылдын 2-июлунда 66 жашында [[Париж|Париждин]] жанындагы [[Эрменонвиль|Эрменонвилде]] каза болгон. [[Франция|Француз]] жазуучусу жана [[Философия|философу]] – граждандык коомду мамлекетке кайра курулган коом катары мүнөздөйт жана аны коомдук келишимдин жардамы менен тактайт. «Коомдук келишим жана саясий укуктун принциптери» – деген эмгегинде Руссо элдик [[суверенитет|суверенитетти]] жактайт, элдин [[Абсолютизм|абсолютизмди]] кулатуу жана [[Демократия|демократиялык]] түрдө шайланган [[Өкмөт|өкмөттү]] бийликтен четтетүү укугу бар экендигин негиздейт. Ушул эмгегинде граждандык коом түшүнүгүн иш тажрыйба негизинде иштеп чыкты. Мындай саясий организмдин маңызы баш ийүүнү жана эркиндикти бир келишимге келтирүү экендигин көрсөтөт. Ал, элдик суверенитетинин принцибин жүзөгө ашыруу жалпы иш, – бул бардыгынын жана ар биринин башкарууга катышуусу, бул эркин жана көз каранды эмес элдин жашашынын ийгиликке жетишиши, эркин жана тең укуктуу граждандардын жалпылыгы. Элдик суверенитет өзүнүн өкүлдөрүнө жана аткаруучу бийликке реалдуу көзөмөлдөө жүргүзүү деп баса белгилеген.
 
Эркин тарбиялоонун таасирдүү теоретиги. Социалдык теңсиздикке, эгоизмге, ошол учурдагы бийликтин жана укуктун негиздерине каршы чыккан. Руссонун эстетикалык жана педагогикалык көз караштары «Эмиль, же тарбия жөнүндө» романында (1762) чагылдырылат.
Руссонун пикири боюнча [[Тарбия|тарбия]] башкаруу формаларынын бардыгынын таянычы, ошондуктан ал [[Коом|коом]]дук мүнөзгө ээ. Ар бир индивиддин гана эмес мамлекеттин алдыга жылуусу да туура тарбия берүүдөн көз каранды.