'''Аскорбин кислотасыкычкылы''' - (С витамини) [[Организм|организм]]деги кычкылдануу калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот (к. Витамин жетишсиздиги). Аскорбин кислотасы киши [[Организм|организм]]инде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (суткасына чоң кишилерге 50—100 мг, балдарга 30— 70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз.