Гемофилия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Гемофилия''' (байыркы грек. αἷμα — «кан» жана [[Байыркы грек тили|байыркы г..."
(Айырма жок)

17 июль 2012, саат 08:04 учурдагы нуска

Гемофилия (байыркы грек. αἷμα — «кан» жана байыркы грек. φιλία — «сүйүү») — кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн тукум куума оору. Кан плазмасында канды уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Аны менен эркектер гана ооруйт. Тукумунда бул оору менен оорубаган кишилерде да гемофилия байкалган учурлар бар.

Гемофилиянын белгилери бала чакта байкалып, чоңойгон сайын азая баштайт. Гемофилиянын кээ бир жеңил түрү улгайган убакта болот. Гемофилия менен ооруган киши бир жерин кичине кокустатып алса, тери алдында, булчуңда жана муундарда кан көп агат. Бир жерин кесип алса, тишин жулганда жана башкаларда кан көп кетип, өмүргө коркунуч туудурат. Ири муун көңдөйүнө (тизе, кызыл ашык мууну) кан куюлуп, алардын иши бузулат. Акыркы жылдарда гемофилияны дарылоо жана анын кабылдоосун алдын алууда чоң ийгиликтерге жетишти. Соо кишилердин канынан жасалган концентраттарды пайдалануу менен кан агуунун алдын алууга болот. Муундардын жабыркашын алдын алуу жана дарылоо үчүн айыктыруучу физкультуранын жакшы натыйжа берүүчү ыкмалары иштелип чыкты. Гемофилия менен ооругандар кичинекей кокустоодон, операциядан өтө сак болушу керек. Кан ага баштаганда тезинен врачка кайрылуу зарыл.




Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8