Гимнастика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Гимнастика''' (байыркы грек. gymnós — жылаңачталган) — адамдын ар тараптан өс..."

No edit summary
8-сап:

Наристелер жана мектеп жашына жете элек балдар үчүн арналган гимнастиканын комплекси негизинен ийин курчоосунун, көкүрөк, арка, курсак, бут жана кол булчуңдарын өөрчүтүүчү кыймылдардан турат. Көнүгүүлөр комплексине басуу, жүгүрүү, секирүү, бир нерселерге чыгып, кайрадан түшүү, топту ыргытуу жана тосуп алуу, тең салмактуулукту сактоо сыяктуу кыймыл-аракеттер кирет (1 —2-сүрөт). Эгерде бала мурда гимнастика менен машыкпаган болсо, алгачкы мезгилде бир нече, ал эми 7—8 күн өткөндөн кийин көнүгүүлөр комплекси толук аткарылат. Көнүгүүлөрдү көңүлдүү оюн түрүндө же болбосо жаныбарлардын кыймыл-аракетин туурап аткаруу пайдалуу жана кызыктуу келет. Бала эки жашка толгондон баштап эртең мененки [[Гигиеналык гимнастика|гигиеналык гимнастиканы]] жасоону үйрөтүү зарыл. Балдар көнүгүүлөрдү жеңил, кыймыларакетке тоскоол болбогондой кенен, кийим кийип жасоого тийиш.

[[Файл:Гимнастика_1.jpg|500px|thumb|center|1—сүрөт]]

''1—сүрөт.'' 3—4 жаштагы балдар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр.

1 — бутту далынын кеңдигиндей аралыкка коюп, желекчелерди ылдый кармагыла. Ушул абалда желекчелерди өйдө көтөрүп, кайрадан ылдый түшүргүлө.

Line 23 ⟶ 25:

[[Файл:Гимнастика_2.jpg|500px|thumb|center|2—сүрөт]]

''2—сүрөт.'' 5—6 жаштагы балдар үчүн гимнастнкалык көнүгүүлөр.

1 — бутуңарды далынын кеңдигиндей аралыкка коюп, гимнастикалык таякты эки колго эркин кармагыла. Гимнастикалык таякты өйдө көтөрө терең дем алып, керилгиле. Гимнастикалык таякты далыны көздөй түшүргөнчө, дем чыгаргыла.

Line 34 ⟶ 37:

''Эскертүү:'' Көнүгүүнү баштоо алдында жана аяктагандан кийин бир аз жай басууну жана жүгүрүүнү унутпагыла.

Мектеп жашындагы балдардын гимнастика комплексин түзүүдө алардын жаш "өзгөчөлүктөрү эске алынат. Башталгыч класстын (7—9 жаш) окуучуларына катарга туруу, кичинекей жана чоң топ менен ойноо, дене келбетин калыптандыруучу көнүгүүлөрдү аткаруу, акробатикалык элементтерди жасоо жана башка кыймыл-аракеттер сунуш кылынат (3-сүрөт). Дем алууну кыйындаткан же болбосо аны убактылуу токтотуучу көнүгүүлөрдөн баш тартуу керек.

[[Файл:Гимнастика_3.jpg|500px|thumb|center|3—сүрөт]]

''3—сүрөт.'' 7—9 жаштагы балдар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр.

1 — бутуңарды бир аз кеңдикте койгула. Колуңарды өйдө көтөрө, дем алып, кайра капталга түшүргөнчө дем чыгаргыла.

Line 48 ⟶ 52:

''Эскертүү:'' Ар бир көнүгүүнү 4—6 жолу кайталагыла.

10—14 жаштагы балдардын организми тез өсүп жана аларда жыныстык жактан жетилүү процесси башталат. Бул мезгилде балдардын кыймыларакети солгун тартып координация начарлашы мүмкүн. Туура уюштурулган машыгуулар мындай терс өзгөрүүлөрдүн алдын алат. Буларга арналган көнүгүүлөр бир аз татаалдыгы менен айырмаланат. 5-класстан баштап, балдар негизинен күчтү жана чыдамкайлыкты талап кылуучу (мисалы: күрөштүн элементтери, шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр), ал эми кыздар үчүн көркөм гимнастиканын элементтерин аткаруу талапка ылайыктуу (4-сүрөт).

[[Файл:Гимнастика_4.jpg|500px|thumb|center|4—сүрөт]]

''4—сүрөт.'' Жогорку класстагы балдар үчүн гантель менен аткарылуучу гимнастикалык көнүгүүлөр:

1 — гантелди артка кармап, 8—10 жолу олтуруп, тургула.

Line 65 ⟶ 70:

15—17 жаштагы балдарда негизинен таяныч-кыймыл аппаратынын калыптанышы аяктайт. Алардын кыймыларакетин эмгекке даярдоо багытына өөрчүтүү сунуш кылынат (5-сүрөт). Гимнастика менен машыгууда кыздардын биологиялык жетилүү өзгөчөлүктөрүн эстен чыгарбоо зарыл.

[[Файл:Гимнастика_5.jpg|500px|thumb|center|5—сүрөт]]

''5—сүрөт.'' Жогорку класстагы кыздар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр:

1—2 — колуңарды ийинге койгула. Оң бутуңарды артка коюп, эки колуңарды өйдө көтөргөнчө, дем алгыла. Колуңарды ылдый түшүрө, бутуңарды бирге коюп, дем чыгаргыла. Көнүгүүнү жай темпте 4—6 жолу оң жана сол бутуңардан кезектештирип баштагыла.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гимнастика" булагынан алынды