Жүлүн нервдери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүлүн нервдери''' алдыңкы жана арткы жүлүн бутактарынын биригип, кошулушунан түзүлөт. Жүлүндү..."
 
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Gray 111 - Vertebral column.png|thumb|Адамдын жүлүнү.]]
 
'''Жүлүн нервдери''' алдыңкы жана арткы жүлүн бутактарынын биригип, кошулушунан түзүлөт. Жүлүндүн 31 сегментинин ар биринде бирден жуп Жүлүн нервдери, башкача айтканда 8 жуп моюн, 12 жуп көкүрөк, 5 жуп бел, 5 жуп куймулчак жана 1 жуп чычаң нервдери болот. Жүлүн нервдери негизинен терини, булчуңдарды, муун баштыктарын нервдештирет. Алар сезгич жана кыймылдаткыч нерв талчаларынан турган аралашма нервдер. Ар бир жүлүн нервдери омуртка тешиктеринен сыртка чыккандан кийин алдыңкы, арткы кабык жана байланыштыруучу бутактарга ажырайт.
Жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактарынын составында сезгич, кыймылдаткыч жана [[Вегетатив нерв системасы|вегетатив нерв]] жипчелери бар. Бул жипчелер моюндун, көкүрөктүн, курсактын жана кол-буттун булчуң менен терисин [[Нервдин жогорку ишмердүүлүгү|нерв]]дештирет. Жүлүн нервдеринин алдыңкы бутактары калган бутактарынан айырмаланып моюн, ийин, бел жана куймулчак чатыштарын түзөт, калган бутактары чатыштарды түзбөйт.