Difference between revisions of "Жүрөк"

232 bytes added ,  8 жыл мурун
no edit summary
(Created page with "thumb|Жүрөктүн иштеши. '''Жүрөк''' — жүрөк-кан тамыр системасыны...")
 
Оң дүлөйчөгө төмөнкү жана жогорку көңдөй веналар, сол дүлөйчөгө өпкө веналары куят. Оң дүлөйчө менен оң карынчанын ортосундагы тешикти жабыш үчүн үч капкалуу, сол дүлөйчө менен сол карынчанын ортосундагы тешикти жабыш үчүн эки капкалуу же митралдуу клапандары бар. Клапандардын четтери тарамыш жипчелердин жардамы менен урчукча булчуңдарга бекип, клапандар дүлөйчө тарапка кайрылып кетпейт да, канды кайра дүлөйчөгө агызбайт, дүлөйчөдөн карынчаларга агышын багыттайт. Дүлөйчөлөр жыйрылганда кан агып карынчаларга толот. Дүлөйчөлөрдүн жыйрылышы жана капкалуу клапандардын жабылышы канды толто менен өпкө [[Артериялар|артериясы]]на сыгып чыгарат.
[[File:Жүрөк.png|thumb|right|Кишинин жүрөгүнүн А — арт жагынан көрүнүшү, Б — узунунан жара кесилиши; 1— жүрөктүн учу; 2—сөл карынча; 3—оң карынча; 4—сол кулакчасы; 5—перикард (кесилип салынган); 6— жогорку көңдөй вена; 7—толто; 8—өпкө артериясынын оң жана сол бутагы; 9—жүрөктүн таажы сымал венасы; 10—сол өпкө венасы; 12—сол дүлөйчө; 13—оң дүлөйчө; 14—төмөнкү көңдөй вена; 15— жүрөктүн таажы сымал артериясы; 16— оң дүлөйчө көңдөйү жана өпкө веналарынын тешиктери; 17—кош капкалуу клапан; 18—сол карынча көңдөйү; 19—сол карынчанын булчуңдуу капталы; 20—карынчалардын ортосундагы булчуңдуу тосмо; 21— оң карынча көңдөйү; 22— үч капкалуу клапан; 23-оң дүлөйчө көңдөйү жана төмөнкү көңдөй вена тешиги; 24— дүлөйчөлөр ортосундагы тосмо.]]
 
Толто менен өпкө артериясынын уңгусунда жарым ай сымал клапандар жайгашып, карынчалар жыйрылып бүткөндө канды кайра агызбай тосуп калат. Кээ бир ооруларда (мисалы, ревматизм, атеросклероз жана башка) Жүрөк клапандары бузулуп, жабылбай калып, Жүрөктүн иши бузулат да жүрөк кемтиги пайда болот. Жүрөктүн өткөргүч, [[Кан-тамырлар|кан тамыр]] жана нерв системалары бар. Дүлөйчөлөр менен карынчалардын туура ырааттуу жыйрылышын Жрөктүн өткөргүч системасы камсыз кылат. Бул система өзгөчө булчуң талчаларынан туруп, дүлөйчө менен карынчанын миокардында түйүнчөлөрдү пайда кылат. Өткөргүч система козголууну синус түйүнчөсүнөн Жүрөктүн бардык булчуң [[Клетка|клетка]]ларына өткөрөт. Синус түйүнчөсү оң дүлөйчөнүн капталында жогорку көңдөй венанын өзүндө жайгашып, өзгөчө түзүлүштөгү ткандан турат. Бул жерде пайда болгон дүүлүгүү үч өткөргүч ткандын тарамдары менен дүлөйчөгө жана оң дүлөйчө менен карынчанын ортосундагы башка түйүнчөлөргө берилет. Жүрөктүн кан тамыр системасы эки таажы сымал (короналык) артерия жана аны коштоочу [[Вена|вена]]дан турат.
 
[[Категория: Жүрөк]]
[[Категория: Медицина]]
[[Категория: Кардиология]]
 
[[ar:قلب الانسان]]
[[az:Ürək (insan)]]
[[en:Human heart]]
[[he:לב האדם]]
[[pl:Budowa serca człowieka]]
[[pt:Coração humano]]
[[ru:Сердце человека]]
551

edits