Жүрөк астмасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүрөк астмасы''' миокарддын инфарктын, жүрөктүн ишемия оорусу, жүрөктүн толто кемтиги, гиперто..."
(Айырма жок)

20 июль 2012, саат 11:04 учурдагы нуска

Жүрөк астмасы миокарддын инфарктын, жүрөктүн ишемия оорусу, жүрөктүн толто кемтиги, гипертония оорусу жана башка ооруларда болушу мүмкүн. Жүрөк астмасы. сол карынчадан канды толтого айдоо жөндөмдүүлүгү начарлаганда болот деп божомолдонот. Мунун натыйжасында кан өпкөгө көпкө кармалып газ алмашуу бузулат. Канда көмүр кычкыл газынын көбөйүшү дем алуу борборун дүүлүктүрүп, дем кыстыгат. Физиологиялык жана психикалык күч келүүдөн приступ кармашы мүмкүн. Жүрөк астмасы. көбүнчө түнкүсүн кармайт: оорулуу капыстан деми кыстыгуудан ойгонот, баш көтөрүп турууга мажбур болот. Деми кыстыкканы улам күчөп, жөтөлөт, көбүктүү какырык чыгат. Алы кетип, чабалактап, муздак тер чыгат, териси кара көк тартат. Оор учурда өпкө күпчөгүнө кириптер кылат. Жүрөк астмасы. оорулуунун өмүрүнө коркунучтуу болгондуктан дарылоону кечиктирбей баштоо талапка ылайык. Оорулууну бутун салаңдатын отургузуп, форточканы ачып, таза аба менен дем алдыруу зарыл, мүмкүнчүлүк болсо кычкылтек жаздыкчасындагы кычкылтек менен дем алдырып, дароо тез жардам чакыруу керек. Дарылоо өз убагында башталса натыйжа болот. Жүрөк астмасынын алдын алуу үчүн жүрөктүн начарлашына дуушар кылуучу ооруларды өз убагында жана системалуу түрдө дарылоо зарыл

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8