Ылаачын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
30-сап:
Ылаачын Антарктидан башка баардык континеттерде таралган. Болумуна жана түспөлүнө жараша 17 түрчөсү бөлүп таанылат.
 
== Ылдамдыгы ==
Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын баарын алат. Дүйнөдөгү эң ылдам канаттуу, дегин эле, эң ылдам жандык. Адистердин баалосунда ылаачын шукшурулуп тепкенде ылдамдыгы 322 км/с же 90 метр/сек. <ref name="Grzimek">''Bernard Grzimek'' Grzimek’s Animal Life Encyclopedia. Boston, MA: Macmillan, 1968: 422</ref><ref> [http://www.fws.gov/species/species_accounts/bio_pere.html Peregrine falcon, (Falco peregrinus anatum, Falco peregrinus tundrius, Falco peregrinus pealei)] </ref> чейин жетет. Бирок, сызып учуу ылдамдыгы боюнча [[кара карлыгач|карлыгачка]] жете албайт - 120-180 км/с.<ref>{{ref-en}} [http://www.commonswift.org/records_english.html The Common Swift: Records and Phenomena]</ref>.
[[File:Peregrine Falcon profile shot.jpg|left|225px|thumb|Ылаачындын башы]] <br/>
[[Файл:Ылаачындын шаңшыганы.ogg|left|225px|thumb|Ылаачындын шаңшыганы]]
 
== Мүнүшкөрчүлүктө ==
Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын баарын алат. Мүнүшкөрлөр [[ителги]] сыяктуу эле ылаачынга да томого катып салышат. Эгер [[томого|томогосу]] жок болсо, алса-албаса да, жетсе-жетпесе да, алыс-жакынына карабай, көзүнө көрүнгөнгө жулуна берип, мүнүшкөрдү убара кылат. Аңды көргөндө асманга атып чыгып, кайра тик ылдый сайылып, бүттарын бүгүп, денесине кысып келип тебет. Тепкендеги күүсү ушунчалык катуу болгондуктан чоң эле чымчыктардын башы үзүлүп кетет. <br />
Көбүн эсе орто көлөмдүү чымчыктарга аңчылык кылат: [[көгүчкөндөр]], [[чыйырчыктар]], [[өрдөктөр]].
Жыныстык жетилиши эки жашында. Жуптар түбөлүк сакталат.
Көбүнчө жалама аскаларды, кээде саздын өңгүл-дөңгүлдөрүн жана таш курулуштардын төбөсүн уялашат. <ref name="RIZ">«[http://www.nature.ok.ru/doc/birds/2_52.htm Сапсан Falco peregrinus]» </ref><ref>''Cade, T.&nbsp;J.'', ''M.&nbsp;Martell'', ''P.&nbsp;Redig'', ''T.&nbsp;Septon'' & ''H.&nbsp;Tordoff'': ''Peregrine Falcons in urban North America''. In: D. M. Bird, D. E. Varland & J. J. Negro (eds.): ''Raptors in Human Landscapes''. London, San Diego; 1996: S. 3-13</ref>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ылаачын" булагынан алынды