Дезинфекция: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Дезинфекция (жугушсуздандыруу) — жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирустар жана б..."
 
No edit summary
1-сап:
Дезинфекция (жугушсуздандыруу) — жугуштуу оорулардын козгогучтарын (бактерия, вирустар жана башка) жок кылуу. Д-га дезинсекция (адамга зыяндуу курт-кумурска, кенелерди жок кылуу), дератизация (зыяндуу кемирүүчүлөрдү жок кылуу) да кирет. Д. күндөлүк (оорулуу жаткан жерде үзгүлтүксүз жүргүзүлөт), акыркы (оорулуу ооруканага жаткырылгандан же айыккандан кийин) жана алдын алуучу (ыпылас суу, таштандылар, адам көп чогулган имараттарды — вокзал, мончо, базар, дүкөндөрдү жугушсуздандыруу) болуп бөлүнөт. Д-да механикалык, физиологиялык жана химиялык ыкмалар пайдаланылат. Механикалык ыкмага бөлмөнү жууп-тазалоо, кийим, төшөнчүлөрдү күбүү, чаң соргуч менен чаңын сордуруу, бөлмөлөрдү актап, сырдап, желдетип туруу кирет. Д-нын физикалык ыкмасына кургатуу, күн нуру, ультра кызгылт көк нур (сымап-кварцтуу лампа), таштанды, калдыктарды өрттөө, металл буюмдарды кызытуу, кайнатуу кирет. Д. камерасында суу буусу жана ысык аба пайдаланылат. Химиялык ыкмада кислоталар, жегичтер, хлор акиташы, хлорамин, фенол, крезол (лизол, нафтализол), формалин, сулема жана башка ар кандай концентрациядагы эритмелер колдонулат. Бир катар жугуштуу ооруларда Д-ны үй шартында жүргүзүүгө туура келет. Ичеги инфекциясында (дизентерия, ич келте жана башка) бөлмөнү самындап же кир кетиргич каражаттар кошулган ысык суу менен тазалап, тез-тез желдетип турат, оорулуу колдонгон идиштер соданын 1%түү эритмесине, ич кийим, шейшеп, бет аарчы, сүлгүлөр атайын идишке чогултулуп, кир жуугуч күкүм же соданын 2%түү эритмесине чыланып, 15 мин. кайнатылат. Оорулууну багууда пайдаланылган буюмдарды (жылыткыч, төшөлүүчү клёнка, муз салгыч баштыкча жана башка) хлораминдин же бензол хлор фенолдун эритмесине чыланган чүпүрөк менен сүртүү керек. Жууркан-төшөктү чаң соргуч же хлорамин эритмесине нымдалган щётка менен тазалоо оң. Баш келте, кайталанма келте жана башка менен ооругандар жана аны менен бирге болгондордун кийим-кечеси, төшөнчүсү Д-лык камерадан өткөрүлөт. Гриппте, кызылчада, паротитте оорулуунун идишаягын 2—3 жолу ысык суу менен жууп, бет аарчы, сүлгүлөрүн кайнатуу, жаткан бөлмөнү желдетип, полду 2—3 жолу хлораминдин 0,2%түү эритмеси менен сүртүү сунуш кылынат. Туберкулёздо оорулуунун жеке түкүргүчү болуп, бир аз суу куюп алып, түкүргүч толгондо ага 10 г кургак хлор акиташын салып коюп, бир сааттан кийин төгүү керек. Идиш-аягын, сүлгү, ич кийим, шейшептерин 15 мин кайнатуу зарыл. Мебелдерди керосин же «Полироль», «Глянец» жана башка суюктуктарына нымдалган чүпүрөк менен сүртүү керек.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[Категория:Ден-соолук]]
[[Категория:Медицина]]