Дирилдөө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дирилдөө''' — катуу телолордун механикалык термелиши. Д-нү өнөр жай менен тиричиликте кеңири к..."
(Айырма жок)

21 июль 2012, саат 06:08 учурдагы нуска

Дирилдөө — катуу телолордун механикалык термелиши. Д-нү өнөр жай менен тиричиликте кеңири колдонулуучу пневматикалык жана механикалаштырылган электрдик кол аспаптар, түрдүү машиналар, станоктор пайда кылат. Д. техникада гана колдонулбастан, медицинада да кээ бир нерв жана булчуң ооруларын дарылоодо (вибротерапия, вибромассаж) пайдаланылат. Өндүрүштө жана тиричиликте болсун Д-лөр адамга жагымсыз таасир тийгизип, кээ бир физиологиялык процесстердин бузулушуна, ал эми узак убакытка чейин таасир этсе, адам ооруга чалдыгышы мүмкүн. Д. жергиликтүү жана жалпы болуп бөлүнөт. Жергиликтүү Д-дө иштеген адамдын колуна таасир тийгизет. Жалпы Д-дө полдун, отургучтун кыймылдашы адамдын бүт организмине таасир тийгизет. Жергиликтүү Д-нүн таасиринен ооруга чалдыккан адамдын колу чымырап, манжалары, белдин, жүрөктүн тушу ооруйт. Оорунун белгиси: четки кан тамырларда кан айлануу бузулат. Кол, бут ооруну сезбей калат, эндокрин бездери, ички органдар, зат алмашуу начарлайт. Оорулуу алсызданат, бат чарчайт, башы ооруйт, уйкусу качат. Ал эми жалпы Д-нүн таасиринен пайда болгон ооруда вестибюль системасы жабыркап, баш ооруп, айланат. Дарылоодо витамин жана физиотерапия, айыктыруучу гимнастика пайдалуу, курортто дарылануу да натыйжалуу. Д-дөн пайда болгон ооруну алдын алуу үчүн гигиеналык норма менен катар машина, жабдуулардын, аспаптардын термелүүнү пайда кылуучу күчүн теңдештирүү менен Д-нү жоюу жүргүзүлөт. Аны басаңдатуучу мээлей жана бут кийим кийилет. Д. ооруларына чалдыкпоо үчүн коопсуздук техника нормаларын жана иштин белгиленген эрежесин сактоо, эмгек жана эс алууну туура айкалыштыруу жана башка чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8