Дисбактериоз: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дисбактериоз''' — организмдеги микрофлоранын түрдүк составы менен сандык катышынын өзгөрүшү...."
(Айырма жок)

21 июль 2012, саат 06:09 учурдагы нуска

Дисбактериоз — организмдеги микрофлоранын түрдүк составы менен сандык катышынын өзгөрүшү. Кадимки микрофлораны түзүүчү микроорганизмдердин саны азайып же такыр жок болуп, ага мүнөздүү эмес микробдордун өөрчүшү менен мүнөздөлөт. Көбүнчө начар төрөлгөн балдарда түрдүү оорудан (анемия, гипотрофия, авитаминоз жана башка) кийин организмдин ооруга каршы туруктуулугу начарлаганда жана антибиотиктерди ашкере колдонуудан пайда болот. Ашкере колдонулган антибиотиктер оору чакыруучу микробдорду гана жок кылбастан, организмге пайдалуу микробдорго зыян келтирет. Көпкө дарыланууда организмдин ооруга туруштук берүүсү начарлайт, дарылардын таасирине туруктуу микробдун саны көбөйөт. Анын натыйжасында организмге пайдалуу микробдорго караганда оору микробдун саны көбөйөт да, ал адамдын эски оорусун күчөтүп, башка оорунун чыгышына себеп болот. Д-дун алдын алуу үчүн дарыны врачтын көрсөтмөсү боюнча гана пайдалануу керек.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8