Дисменорея: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Дисменорея''' — этек кир циклинин бузулушу. Анда ичтин ылдый жагы, бел ооруйт, шакый кармап, жүр..."
(Айырма жок)

21 июль 2012, саат 06:10 учурдагы нуска

Дисменорея — этек кир циклинин бузулушу. Анда ичтин ылдый жагы, бел ооруйт, шакый кармап, жүрөк тез-тез кагат, кустурат, ич өтүп, уйку бузулат. Биринчилик Д. менен төрөбөгөн аялдар, кыздар ооруйт. Бул Д. көбүнчө жыныстык турмуш калыбына келгенде же төрөттөн кийин жоголот. Экинчилик Д. аялдын жыныс органдарында сезгенүү ооруларынын, шишиктердин пайда болушунан, ошондой эле биринчи этек кир келип коркуп кеткендиктен, көп убакыт боюна болбогондон жана башка келип чыгат. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда организмди чыңдоо, туура тамактануу, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу, жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8