Диспансер: нускалардын айырмасы
Created page with "'''Диспансер''' — оорулуулардын белгилүү тобун дарылоо жана алдын алуу боюнча жардам көрсөтүүчү ..." |
(Айырма жок)
|
21 июль 2012, саат 06:13 учурдагы нуска
Диспансер — оорулуулардын белгилүү тобун дарылоо жана алдын алуу боюнча жардам көрсөтүүчү жана алардын саламаттыгынын абалына системалуу байкоо жүргүзүүчү адистештирилген медициналык мекеме. Алардын максаты — өзүнө тийиштүү ооруларды табуу, каттоого алуу, дарылоо жана байкоо, алардын эмгек, турмуш-тиричилик шарттарын такай үйрөнүү жана жакшыртуу, ошондой эле ооруга каршы чараларды иштеп чыгуу. Д-дин адистелишине жараша өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот. Туберкулёзго каршы Д. калкты дайыма массалык флюорографиялык текшерүүлөрдөн өткөрүп турат, оорулуу менен бирге болгон адамдарды каттоого алышат. Д-дин амбулаториялык адистештирилген кабинеттери, диагностикалык лабораториялар жана уюштуруу-методикалык атайын кабинеттери бар, көпчүлүк Д-дин стационарлары болот.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8