Диспансерлөө: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Диспансерлөө''' — советтик саламаттык сактоонун негизги багыты болгон дарылоо жана алдын алу..."
(Айырма жок)

21 июль 2012, саат 06:14 учурдагы нуска

Диспансерлөө — советтик саламаттык сактоонун негизги багыты болгон дарылоо жана алдын алуу ишинин негизги методдорунун бири. Д. ооруну жаңы башталган кезинде таап, врачтык көзөмөл жүргүзүү; калктын жана оорулуулардын айрым тобуна системалуу түрдө байкоо жүргүзүү; атайын каттоо, оорунун кабылдашынын алдын алуу үчүн өз убагында дарылоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү; адамдын ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүү; диспансердик каттоодо тургандардын өндүрүш жана турмуш-тиричилик шартын текшерүү; оорунун көбөйүшүнө шарт түзгөн факторлорду жоюу иштерин камтыйт. Диспансердик системалуу байкоого оор өнөкөт оорулар (туберкулёз, жүрөк-кан тамыр), карын жана он эки эли ичегинин жарасы менен ооругандар, жаңы төрөлгөн, мектеп жашына чейинки жана мектеп жашындагы балдар, 14—18 жаштагы өспүрүмдөр, кесипчилик-техникалык окуу жайынын окуучулары, кош бойлуу аялдар, спортсмендер, шахтёрлор, зыяндуу цехтерде иштеген жумушчулар, аскер кызматындагылар жана башка алынат. Диспансердик байкоо атайын адистештирилген диспансерлерде жана поликлиника мекемелеринде жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8