Диспепсия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Диспепсия''' — тамак сиңирүүнүн бузулушу. Көбүнчө эмчектеги балдарды туура эмес тамактандыру..."
(Айырма жок)

21 июль 2012, саат 06:15 учурдагы нуска

Диспепсия — тамак сиңирүүнүн бузулушу. Көбүнчө эмчектеги балдарды туура эмес тамактандыруудан (ашыкча баш аламан эмизүү, жакпаган тамак берүү жана башка) пайда болот. Д. түрдүү оорулар (сасык тумоо, өпкөнүн, кулактын сезгениши) менен коштолушу мүмкүн. Анын өнүгүшүнө ысык мезгилде балага ысык өтүү да түрткү берет. Д-нын белгилери — тамактангандан кийин кулгуйт, кусат, баланын ичи көбөт, суткасына 5—10 жолу ичи өтөт, заңы суюк, кычкыл жыттуу, көбүнчө жашыл түстө болот. Бала анча чоңойбойт, начар уктайт, чыргоолонот. Балада оорунун белгилери байкалар замат врач-педиатрга кайрылуу керек. Тамактандыруу режими бузулуудан болгон Д-да балага убактысынча тамак бербей (12 саат же андан көп), кайнак суу, таттуусуз мала чайды аздан бат-бат ичирип туруу зарыл (суткасына 3—4 стакандан кем эмес). Андан кийин эмчек сүтүн же сүт-айранды (тежемел багылса) кичинеден бере баштап, күнүгө көбөйтүү керек. Оор түрүндө ууландыруучу Д-да ич тез-тез (суткасына 10—15 жолу) өтөт, арыктайт. Бул түрү ара төрөлгөн, дистрофия, итий, диатез менен жабыркаган, түрдүү оорулардан алсызданган балдарда көп учурайт. Кээде капысынан кармап, баланын абалы начарлап, шалдырайт же өтө чыргоолонот, кээде эстен танат. Кусуу, ичи көп өтүүнүн натыйжасында бала сууну көп жоготуп, организм суусузданат. Тамак жакшы сиңбегендиктен жана ичинде микробдор көбөйүшүнөн пайда болгон уулуу заттар канга сиңип, боорду, нерв системасын жабыркатат, акырындап рефлекстери жоголуп, бала ооруну сезбей калат; өңү кубарып, тамыры тез-тез кагат, кан басымы төмөндөйт. Бул абал баланын өмүрүнө коркунучтуу. Оор Д-ны үй шартында дарылоо мүмкүн болбогондуктан тезинен ооруканага жаткырылат. Д-нын алдын алуу үчүн баланы туура, убагы менен тамактандыруу талапка ылайык. Жашылча-жемиш маңыздарын аз-аздан берип көндүрүү, өтө ысуудан сактоо керек. Жогорку белгилери жугуштуу ооруларда (дизентерия, тамак-аштан уулануу, колиэнтерит) да болот. Ошондуктан оорулуу баланын жалаяктарын кайнатып жууп, үтүктөп, үйдөгү башка балдарды оорудан сактоо зарыл. Чоң кишилерде тамак сиңирүүнүн бузулушунун айрым белгилери (зарна болуу, кекирүү, ич өтүү, көбүү, курулдоо жана башка) Д. деп аталат.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8