Катаган: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири. Бирок К-дардын келип чыгышы, таралышы ж-дө кеңири ил. из-..." |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Катаган''' - [[Кытай Эл Республикасы]]нда жашаган этностук топ. <br>
[[Чыгыш Түркстан]]дын (Кытай Эл Респ.) Хотан жана Яркенд округдарынын ортолугунда жашашат. Алар өздөрүн [[кыргыздар]] деп аташат. 1000дей түтүн. Катагандын теңиртоолук кыргыздардан бир өзгөчөлүгү, алар көзү өткөн кишини жоктоп аза тартып, кайгысын билдирүүнү,
келгендерге тамак-аш тартылган соң башташат. Учурда [[Өзбекстан]] жана [[Тажикстан]]дын түштүк аймактарында
(Кашкадарыя, Сурхандарыя, Коргонтөбө), Ооганстандын түндүгүндө Катаган деген түрк тилинде сүйлөгөн этногр.
ири топ жашайт. <br>
Илимий адабияттарда бул топ өзбек-Катаган деген ат менен да белгилүү. Изилдөөчүлөрдүн басымдуу
бөлүгү бул аймакта 17-к. эскериле баштаган Катагандын насили кыргыз деген тыянакты айтышат. Лорддун берген
маалыматтарында Катагандын он алты уруусунун бири басыз деп аталганы айтылат. Басыз – кыргыздын сол
канатындагы уруунун аталышы. Мындан бөлөк Катаган жашаган аймакта Солто, Басыз топонимдери катталган.
Кыргыз эпосторунун көбүндө орто кылымдардагы Катаган кыргыздын бир уруусу катары баяндалат. <br>
Катаган – сарттар, чекир саяк, катаган тобу – сарттар урууларынын курамдарындагы уруктар катары таанылган. Катаган жөнүндө
маалыматтар алгач Рашид ад-Диндин «Жами ат-Таварихинде» («Тарыхтар жыйнагы». 14-к.) айтылат. Автор
катакин, хатакин уруусун моңгол-жерундардын курамына кошот. Н. А. Аристов Катаганды [[Орто Азия]]га [[Чыңгыз хан]]дын жеңип алууларынын учурунда көчүп келишкендигин жазат. Кыргыз дастандарында, санжыра-уламыштарында да Катаган байыркы кыргыз урууларынын бири экендиги айтылат.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://bizdin.kg/books/item/24-short_hist_enscl Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003]
[[Category:Тарых]]
[[ru:Катаганы]]
|