Жүрөк-кан тамыр тутуму: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүрөк-кан тамыр системасы''' жүрөктөн жана кан толгон кан тамырлардан турат. Ага лимфа система..."
 
No edit summary
27-сап:
Кардиологиялык борборлордо электр-импульстук терапиянын жардамы жана жүрөктү жасалма электрстимулдоо менен жүрөктүн бузулган ритмин оңдоо мүмкүн. Жүрөк ишинин начарлашы — жалгыз гана жүрөктүн оорусу эмес, ал жүрөк өзүнүн функциясын толук аткарууга күчү жетпегендигин далилдеген белгилердин (көгөрүү, дем кыстыгуу, буттун шишиши жана башка) жыйындысы. Көп учурда жүрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрү байкалат. Ал акырындык менен билинбей башталып, оорулуу демейде врачка кеч кайрылат, бул болсо дарылоо процессин кыйындатат жана узартат. Оорунун алгачкы мезгилинде жүрөктүн ишин жана кан айланууну калыбына келтирүү оңоюраак болот. Күйүгүү жүрөк ишинин начарлашынын белгиси болуп эсептелет. Жүрөк начар иштегендиктен кан ткань менен органдарда жай жүрүп, ал жерде суюктук топтолот; оорулуунун салмагы көбөйөт, андан кийин бут же дене шишийт, ар кайсы жери көгөрөт.
Жүрөк ишинин начарлашын врач гана дарылайт. Ага оорулуу өзү көмөктөш болуп, тиешелүү режимди сактоосу зарыл. Бул эч бир дары менен алмаштыргыс натыйжаларды берет. Аны дарылоодо жүрөккө күч келтирүү жана тамак-аш менен берилген кайнатма туздун өлчөмү азайтылат; заара айдама каражаттар, керектүү туздар (мисалы, калий туздары) берилет. Көп учурда ар бир оорулууга врач тиешелүү дарынын белгилүү өлчөмүн ичүүнү сунуш кылат. Эгерде жүрөк ишинин начарлашы өнөкөт жүрөк оорусунан келип чыкса, кан айлануу калыбына келсе да дарыланууну токтотпой врачтын сунушу боюнча дарыны аз өлчөмдө алып туруу керек.
Катуу кармаган жүрөк ишинин начарлашы коркунучтуу, бирок сейрек кездешет. Анда кокусунан көбүнчө түнкүсүн муунтуп, жүрөк астмасынын пристубу кармайт. Ал учурда шашылыш медициналык[[Медицина|медицина]]лык жардам келгенге чейин оорулууну ыңгайлуу отургузуп, аркасын жөлөп, нитроглицерин, корвалол, валокордин берүү зарыл. 20-кылымда өндүрүштүн техникалык жабдылышы, турак жай шартынын оңолушу, транспорттун көптүгү кишинин (өзгөчө шаардыктар) азыраак кыймылдашына алып келди. Көп жыл бою аз кыймылдоо ден соолукка терс таасирин тийгизет (к. Гиподипамия). Өөрчүбөгөн булчуңдар кишини алсыздандыруу менен бирге, түрдүү вирустук жана бактериялык[[Бактериялар|бактерия]]лык ооруларга туруктуулугун төмөндөтүп, жүрөктүн[[Жүрөк|жүрөк]]түн сезгенүү ооруларынын пайда болуу мүмкүндүгүн көбөйтөт. Аз кыймылдаган кишилер бул учурда өтө семирет. Өтө семирүү атеросклероздун пайда болуу коркунучун туудурат. Дайыма аз кыймылдаган кишилер демейдеги кыймылды талап кылган жумушту кыйынчылык менен аткарат, айрым учурда ооруга окшоп кетет. Мындай учурда атеросклероз, гипертония оорусунун пайда болушуна шарт түзүлөт.
Кээ бир кишилер өзүнө күч-кубат алыш үчүн түрдүү зыяндуу адаттарга (мисалы, тамеки тартуу) кабылат. Тамеки тартуу — [[Жүрөк - кан тамыр системасы|Жүрөк-кан тамыр]] системасынын ооруларын пайда кылууда негизги факторлордун[[Факторлор теориясы|фактор]]лордун бири. [[Жүрөк - кан тамыр системасынынсистемасы|Жүрөк-кан тамыр системасы]]нын ооруларын алдын алууда жашка жана ден соолуктун абалына ылайык дайыма кыймыларакетте болуу өтө маанилүү. Дайыма кыймылда болуу, машыгуу бардык ооруларга «дары» болбосо да, көп оорулардан сактайт. Ашкере өз алдынча машыгуу, контролсуз кыймыл-аракет ден соолукка зыян келтирип, жүрөк кан тамыр оорусун күчөтүп, кабылдоого алып келет.
 
Айрым ири шаарларда консультация берүүчү кардиол.кардиологиялык борборлор уюштурулган. Аларда электр-кардиограммаларды дистанциялык каттоо мүмкүнчүлүгү болот, ал миокарддын инфарктына тез диагновдиагноз коюуга жана оорулууну эрте ооруканага жаткырууга мүмкүндүк берет.
Дарылоонун өзгөчө түрү — реабилитация, башкача айтканда кайра калыбына келтирүүчү дарылоо. Ал [[Жүрөк|жүрөк]] же кан тамыр оорусунан сакайып, али алы-күчүнө келе элек оорулуунун ишке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган. Ал кабылдабаган миокарддын инфарктын дарылоодо, ошондой эле жүрөкө же ири [[Кан-тамырлар|кан тамырларгатамыр]]ларга операция жасагандан кийин да колдонулат. Калыбына келтирүү кардиологиялык санаторийлерде, кээде амбулаториялык шартта врачтардын көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Азыркы хирургиянын жетишкендиктери мурда айыкпас ооруларды айыктырууга жол ачты. Хирургиялык операция менен тубаса же кийин пайда болгон жүрөк же ири кан тамырлардын кемтигин оңдоого мүмкүнчүлүк болду. Бардык медициналык[[Медицина|медицина]]лык жардамдай эле, хирургиялык операция өз убактысында жасалса натыйжалуу болот. Бардык республикаларда[[Республика|республика]]ларда адистештирилген кардиохирургиялык бөлүмдөр уюштурулган. Биздин республикада[[Республика|республика]]да 1977-ж. кардиология илим изилдөө институту уюшулуп, анын составында илимий тармактар клиникасы, консультациялык поликлиникасы бар. Ал жүрөк-[[Кан-тамырлар|кан тамыр]] системасынын ооруларын кеңири изилдеп, методикалык[[Метод|методика]]лык иштерди жүргүзүп, кардиолог адистерди даярдайт.
 
==Колдонулган адабияттар==