Жүрөк кемтиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүрөк кемтиги''' — жүрөк ишин бузуп жүрөктүн жана андан чыккан [[Кан-тамырлар|кан тамы..."
(Айырма жок)

23 июль 2012, саат 04:54 учурдагы нуска

Жүрөк кемтигижүрөк ишин бузуп жүрөктүн жана андан чыккан кан тамырлардын түзүлүшүндөгү патологиялык өзгөрүү менен мүнөздөлгөн оору. Жүрөк кемтиги тубаса (түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде пайда болуучу) жана кийин пайда болгон (төрөлгөндөн кийин) түрү бар. Кийин пайда болгон Жүрөк кемтиги ревматизм, сепсис, котон жара, атеросклероз, травманын натыйжасынан келип чыгат. Анда негизинен жүрөк капкакчаларынын (клапан) формасы өзгөрүлүп, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер толук жабылбай калып, капкакчалардын функциясы бузулат. Натыйжада жүрөк иштегенде кан кайсы бөлүмдөн келсе ага кайра бир азы барат. Бул болсо жүрөк булчуңуна кошумча күч келтирип, анын массасы чоңоюп, андан кийин ал чарчайт. Мындай Жүрөк кемтиги — эки жапкактуу (митралдык) капкакчанын жетишсиздиги — клапан жетишсиздиги деп аталат.

Толтонун жарым ай сымал клапандарынын схемасы — жүрөк узунунан кесилген соо клапандар
тырык болгон клапандар: 1—толто; 2—жарым ай сымал клапандар; 3— жүрөктүн сол карынчасынын көңдөйү

Капкакча жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын нормалдуу жүрүшүнө тоскоол кылат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат жана булчуңун чарчатат. Мындай Жүрөк кемтиги стеноз деп аталат. Кээде бир нече капкакча жабыркайт (комбинацияланган Жүрөк кемтиги). Жүрөк кемтиги бар оорулуу көп жыл бою өз оорусун билбей, өзүн жакшы сезип, жумушту кадимкидей жакшы аткара берет (компенсация мезгили). Бул учурда врачтык кароодон эле Жүрөк кемтигинин белгилери (жүрөктүн көлөмүнүн өзгөрүлүшү, мүнөздүү жүрөк дабыштарынын пайда болушу жана башка) байкалат. Оору күчөгөндө жүрөктүн резерв мүмкүнчүлүктөрү азайып, жүрөк ишинин начарлашына алып келет (Жүрөк-кан тамыр системасы). Бул Жүрөк кемтигинин декомпенсация мезгили деп аталат. Анын өөрчүшүнө ревматизмдин күчөшү, күчтөнүп иштөө, жугуштуу оорулар, бойго бүтүү жана төрөт түрткү берет. Көп учурда компенсация кайра өзүнүн баштагы калыбына келет. Өз убагында, такай дарылоодон бир нече же ондогон жыл бою компенсация абалында жүрүүгө болот. Жүрөктүн тубаса кемтиктери түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Тубаса Жүрөк кемтигинде капкакчалардын кемтигинен башка, дүлөйчөлөр жана карынчалардын ортосундагы капталдарда тешик болот. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп, вена каны менен аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Тубаса кемтиктин белгилери (жүрөк шуулдашы, көгөрүү жана башка) бала төрөлгөндөн кийин тез эле байкалат. Оорунун жүрүшү кемтиктин мүнөзүнө жараша ар кандай болот (айрым учурда өмүргө коркунучтуу болсо, кээде улгайганга чейин оорулуу даттанбайт). Тубаса Жүрөк кемтиги менен жабыркагандар начар өсүп, эмгекке жарамдуулугу, ооруга туруктуулугу төмөн болуп, жугуштуу жана башка оорулар менен көп ооруйт. Жүрөк кемтигин врач дарылайт. Дарылоо анын түрүнө Жараша жүргүзүлөт жана жүрөктүн ишин жакшыртууга, кан айлануунун бузулушун кайра калыбына келтирүүгө багытталат. Ал үчүн оорулууга ылайыктуу эс алуу жана эмгек режими түзүлөт. Дайыма өзүн контролдоо өтө маанилүү: энтигүү, жүрөктүн тез кагышын пайда кылуучу кыймылдан жана капа болуудан сактануу зарыл. Компенсацияланган Жүрөк кемтигинде да өтө чарчоо (оор кара жумуш, спорт менен ашыкча машыгуу, мелдештерге катышуу, пляжда болуу, уктабай калуу, тоого чыгуу жана башка) оорулуунун абалын начарлатып, декомпенсацияга алып келет. Декомпенсация мезгилинде, кан айлануу бузулган учурда оорулууну төшөккө жаткыруу, дем алууну жакшыртуу үчүн баш жагын өөдө көтөрүү, оорулуу жаткан бөлмөнү дайыма желдетүү сунуш кылынат. Диетаны сактоо, дайыма белгилүү бир убакта өлчөмү менен мүнөздөп тамактануу зарыл. Түнкүсүн тамактануу болбойт (уктаганга чейин 3—4 саат мурда тамак ичүү керек). Тузду аз пайдалануу сунуш кылынат, себеби туз организмде суюктуктун топтолушуна түрткү берет. Ошондой эле ак шишик басып кетпес үчүн суюктукту аз ичүү керек. Сүт азыктары, жемиш (өзгөчө абрикос, шабдалы) пайдалуу. Керек учурда Жүрөк кемтигинин декомпенсациясында атайын диета сунуш кылынат. Декомпенсация болгондо врач системалуу түрдө дары каражаттарын сунуш кылып, дайыма көзөмөлгө алат. Ал үчүн жүрөк булчуңунун жыйрылуусун жакшыртуучу, организмде айлануучу суюктукту азайтуучу заара айдама дарылар колдонулат. Врачтын сунуш кылган дарыларын өз алдынча ичпей коюу же өлчөмүн өзгөртүүдөн дарылоо натыйжасыз болуп, ооруну кабылдатат. Кардиологиялык санаторийлерде дарылоо компенсацияланган Жүрөк кемтигинде негизинен жергиликтүү климаттык курорттордо, ошондой эле ысык эмес жай мезгилинде Кисловодск, Кавказдын Кара деңиз жээгинде дарыланууга болот. Медицинанын азыркы эң ири жетишкендиктери тубаса жана кийинки пайда болгон Жүрөк кемтигин операция жасоо менен дарылоо болуп эсептелет. Жүрөк кемтиги менен жабыркагандардын баарына эле операция туура келе бербейт. Ошондуктан оорулууга тиешелүү дарылоону, операция керектигин адис-врач гана айта алат. Оорулуу операциядан кийин сунуш кылынган эмгек, эс алуу, тамактануу, дарылоо режимин так аткаруусу зарыл. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен дарылоодо жетишкендиктери үчүн советтик алдыңкы хирургдарга (А. Н. Бакулев, П. А. Куприянов, Б. В. Петровский жана башка) Лениндик сыйлык ыйгарылган. Жүрөк кемтигин алдын алуу көп учурда Жүрөк кемтигине алып келүүчү ревматизм жана башка ооруларды алдын алуу менен туура келет. Боюнда бар аялдын ден соолугун коргоо (жугуштуу осрулар менен жолуктурбоо, алкоголь ичимдиктерди ичпөө, тамеки тартпоо, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса Жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ. Жүрөк кемтиги барларды жүрөк ишинин декомпенсациясына, ревматизмдин күчөшүнө жеткирбөө чараларын көрүү зарыл. Ал үчүн диспансерлөө жүргүзүлөт. Толук эс алуу, жакшы уктоо, дем алыш күндөрү таза абада сейилдөө керек. Тамеки тартууга, ичимдик ичүүгө тыюу салынат. Жүрөк кемтиги менен жабыркаган аялдар балалуу болуш үчүн врач менен кеңешүүсү зарыл, себеби кош бойлуулук жана төрөт декомпенсацияга алып келиши мүмкүн. Кесипти туура тандоо, эмгек менен эс алууну туура сактоо жана системалуу түрдө дарылаганда Жүрөк кемтиги менен жабыркагандар кадимкидей жашап, көп жылдар бою эмгекке жарамдуулукту сактайт.

Жүрөккө кыйыр массаж жасоо техникасы.


Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8