Жүрөктүн ишемия оорусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүрөктүн ишемия оорусу''' — жүрөк-кан тамыр системасынын көп та..."
(Айырма жок)

23 июль 2012, саат 05:04 учурдагы нуска

Жүрөктүн ишемия оорусужүрөк-кан тамыр системасынын көп тарашын оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунун натыйжасында жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлагандан болот. «Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле өнөкөт оорулар (кардиосклероз — жүрөктүн булчуң тканынын жабыркашы) кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчүркөп, кээде басаңдайт. Жүрөк ишемия оорусу ошондой (стенокардия пристубу) адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаган учурда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума ыңгайлуулук, аз кыймылдоо (к. Гиподинамия), ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы (к. Гипертония оорусу), углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тартпагандарга караганда тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Ошондуктан Жүрөктүн ишеемия ооорусун пайда кылуучу факторлорду билүүнүн мааниси зор. Барыдан мурда тамакты мүнөздөп ичүүгө көнүгүү керек: семирип кетпес үчүн тамакты ашыкча жебөө; малдын майын жана жакшы сиңүүчү углеводдорду ченеми менен жеп, алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу; тамак рационуна өсүмдүк майын жана С витамини менен В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Күнүнө 4 маал, көбүнчө белоктуу азыктар (мисалы, быштак, кара кесек эт, балык жана башка) менен тамактануу туура. Семирип кеткендерге врач жашылча, мөмө-жемиш, атайын мүнөз тамак сунуш кылат. Жүрөк ишемия оорусунун алдын алуучу негизги чара — көп кыймылдоо. Акыл эмгеги менен иштегендер физкультура ойноп, сейилдөөгө, кара жумуштарды жасоого тийиш. Дем алыш күндөрдө жана отпуск мезгилинде шаардын сыртына чыгуу, туристтик жүрүштөргө катышуу, лыжа тебүү жана башка сунуш кылынат. Гипертония оорусун, кант диабетин өз убагында жана системалуу түрдө дарылоо Жүрөктүн ишемия оорусуун кечирээк болушуна шарт түзөт. Адистикти жөндөмүнө ылайык тандоо, эмгекти туура уюштуруу айланасындагы адамдарга сылык, адептүү мамиле жасоого жана сабырдуулукка тарбиялоо да Жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чараларына жатат.


Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8