Жүрөктүн тез каагуусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Жүрөктүн тез кагуусу''' — жүрөктүн тез жана (же) катуу согушу. Дени сак адамдарда [[Орга..."
(Айырма жок)

23 июль 2012, саат 05:17 учурдагы нуска

Жүрөктүн тез кагуусужүрөктүн тез жана (же) катуу согушу. Дени сак адамдарда организмге өтө күч келгенде, толкунданганда, өтө ысыкта, тамекини көп тартканда, алкоголь ичкилигин, коюу чай, кофе ичкенде жүрөктүн ишин жөнгө салуучу нерв аппаратынын дүүлүгүүсүнөн болот. Жүрөк кан тамыр системасынын ооруларында (жүрөктүн ишемия оорусу, гипертония оорусу, жүрөк кемтиги, миокардит) башка органдар менен системалардын катуу ооруларында, калтыратма ооруларда, ошондой эле невроздо, климакс мезгилинде жана башка байкалат. Кээде бир аз эле күч келүүдөн же тынч абалда деле жүрөк тез кагып, ал коркуу сезими менен коштолуусу мүмкүн. Жүрөктүн тез кагуусунун дарылоо, эгер ал ооруга байланыштуу болсо, ошол ооруну айыктыруу максатын көздөйт жана ошондой эле Жүрөк-кан тамыр системасы менен байланышта.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8