Карчыга сымалдуулар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
15-сап:
* карчыга (лат. Accipiter gentilis); эркеги - чүйлү, ургаачысы - куш, тынар
* [[кыргый]] (лат. Accipiter nisus), эркеги - чыбый кыргый, ургаачысы - кыргый
* [[туйгун (куш)|туйгун, тунжур]]
* мукур кыргый
* кулаалы
 
Туйгун, тунжур, кара кашка тынар — куштун мыктылары. Куштун түрүнө чүйлү, кыргый да (чыбый, мыкый — кыргыйдын кичине, начарлары) кирет. Буларды да учуп баратканда таанууга болот. Алар учканда канаттарын анда-санда ирмешет. Көбүнчө сызып учушат. Учуп жүргөндө булардын канат-куйруктары ителгилердикиндей учтанбай, жазылып кетет. Жүндөрү да ителгилердикиндей болбой, бөлөкчө айырмаланып турат. Булардын кыраандары жүндөрүнүн белгисинен, буту-колунан, тумшугуман таанылат.
 
«Туйгун» — куштун төрөсү» деген эл оозунда лакап бар эмеспи. Ал кооздугу, келбети үчүн айтылып калган. Куштун уругунан чанда гана туйгун чыгат. Анын да чоң, кичинеси болот. Туйгун көзүнө көрүнгөндү ала бербейт. Чоң илбесиндерди, мүнүшкөрү жарашса, кыраандары гана алат. Болбосо туйгундун алы жетпегенин жөнөкөй кыраан куштар деле алып коет. Шумкар алалбаган тоодак, аңыр, каздарды ителги деле алат. Көбүнчө анын мүнүшкөрлөрүнөн болот.
Туйгунду тааныш оңой. Анын өңү, канат-куйругу кебездей аппак болот. Эч бир жеринде өңү буруу, киргил так болбойт. Ар жылы түлөгөн сайын тооктой аппак болуп жүрүп отурат. Картайганда буту-колу, тумшуктары, көздөрүнүн тегереги гана саргайып кетет. Туйгунду учуп баратканда көрсөң ак куу деп ойлойсуң. Бирок ал куудай учпай, куштай учат. Эгер туйгунду бирөө кондуруп келатканын алыстан көрсөң, ээк алдыңа келмейин, ак корозду кондуруп алганбы деп ойлойсуң. Анын куш экенин жаныңа келгенде гана тааныйсың. Туйгун менен шумкарды алып жүрүш, аларды салыш кандай сонун кооздук, кандай сонун ырахат!
Туйгундун экинчи түрү — тунжур. Бул да куштун кырааны, бул да коозу болот. «Тунжур салсаң тунасың» деген сөз ушундан улам айтылып калган. Тунжурдун жүндөрү тиги туйгундукундай текши аппак болбойт. Сырткы жүндөрү, канат-куйруктары бозала келет да, көкүрөк жүндөрү туйгундукундай ак болот. Бирок өтө чымкый ак эмес.
Арасында бирин-экин бозаласы да бар. Ал туйгундай түлөгөн сайын агарбай, жөнөкөй куштардай жыл өткөн сайын көгүш тартып кетет. Мунун да кырааны, кыраан эмеси бар.
Куштун дагы бир жакшы түрүн кара кашка тынар дешет. «Тынар салсаң тынасың» деген элдик сөз бар эмеспи. Тынардын канат-куйрук жүндөрү жөнөкөй куштардыкындай эле. Аны маңдайынан карасаң тааныйсың. Эки каштын ортосунан тумшуктун башталыш түбүнө чейин кара сыр менен тартып кеткендей дапдаана ичке кара так созулуп турат. Ошол кара из түлөгөн сайын нугун жоготпой, капкара болуп кашкаят.