Күйдүргү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "300px|thumb|Күйдүргүнүн бацилласы| '''Күйдүргү''' — кишиге малдан жугуучу катуу карм..."
 
3-сап:
[[Файл:Язва.jpg|left|250px|thumb|Күйдүргүнүн микросрөтү]]
== Күйдүргүнүн тери формасы ==
[[Файл:Anthrax_PHIL_2033.png|thumb]Күйдүргүнүн тери формасы]
Күйдүргүнүн тери формасында микроб кирген жерде эң мурда кызыл так пайда болот, андан кийин томпоюп шишимек тартат. Кийинчерээк ал ыйлаакчага айланып, сууга, бир аздан кийин ириңге толуп, бат эле жарага айланат. Бул процесс (тактан баштап жара пайда болгончо) эң тез, баш аягы бир нече сааттын ичинде өтөт. Жара кычышат, ысыйт, ириңге кан кошулгандыктан анын өңү кара кочкул, тегереги кызарып шишимек тартып турат. Кээде анын тегерегинде шуру сымал ириңдеген майда чыбырчыктар пайда болот. Бул ооруда температура көтөрүлөт (39—40°), баш ооруйт, адам алсырайт, жүрөгү тез согуп, бир аз демигет. Мындай абал 5—7 күн созулат. Андан кийин температура кескин тез төмөндөйт, жара акырындап айыга баштайт, 2—3 жуманын аягында карты түшөт.<br />
 
== Күйдүргүнүн ички организмден кармаган формасы ==
Өпкөдөн же ичеги-карындан кармаган күйдүргүнүн тери формасына салыштырганда оор болуп, өмүргө коркунучтуу. Өпкө күйдүргүсүндө оору катуу, капысынан кармайт, температура бир заматтын ичинде 40—41°ка жетет, көз кызарып жаш агат, жөтөлөт, чүчкүрөт, үн кырылдайт, бүтөт, көкүрөк сайгылашып ооруйт, демигет, эрин, моюн көгөрөт. Жөтөлгөндө кан аралаш какырык чыгат. Диагнозду өз убагында коюп, дарылабаса оорулуу 2—3 күндүн ичинде эле өлүмгө учурашы мүмкүн.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Күйдүргү" булагынан алынды