Күйдүргү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Бацилла.jpg|300px|thumb|Күйдүргүнүн бацилласы|]]
== Күйдүргү ==
'''Күйдүргү''' — кишиге малдан жугуучу катуу кармама жугуштуу оору. Көбүнчө терини, ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Ооруну таякчага окшогон микроб козгойт. Ал спора жана капсула түзгөндүктөн айлана-чөйрөнүн терс шарттарына абдан туруктуу келип, көп жылдар (20—30дан ашык) жашайт. Көбүнчө бодо мал, кой, эчки, чочко, төө жана башка ылаңдайт. Күйдүргү менен мал чарбасында жана эт, тери, жүн даярдоочу өндүрүштөрдө иштеген кишилер ылаңдаган малды союп, терисин сыйрып же жүнүн кыркып, жууп жатканда жугузуп алышат. Ылаңдаган малдан анын козгогучтары сийдик, заң, кан жана башка менен бөлүнүп чыгып жерди, чөп-чарды, сууну, тегеректеги буюмдарды булгайт. Кишиге бациллалар көбүнчө тери, кээде ооз, мурун жана көз аркылуу жугат. Алардын организмге кирген жолдоруна карай 3 түргө: тери, ичеги-карын жана дем алуу органдарын жабыркатуучу болуп бөлүнөт. Күйдүргү жарасы көбүнчө дененин ачык жеринде (ооруну козгогуч микроб кирген жерде): колдо, бетте, моюнда пайда болот. Оору жуккандан кийин анын негизги белгилери пайда болгончо көбүнчө 2—3 күн өтөт (жашырын мезгили — бир нече сааттан 7—8 күнгө чейин).<br />
[[Файл:Язва.jpg|left|250px|thumb|Күйдүргүнүн микросрөтү]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Күйдүргү" булагынан алынды