Кырбашев, Кеңеш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Кырбашев, Кеңеш''' (1931 ж, Ысык-Көл району – 2004, Бишкек) – [[Фольклор|фольклорист]]. Кыргыз Республикасынын Мамлекетинин сыйлыктын лауреаты. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер. Филология илимдеринин кандидаты (1986 ж.). [[Кыргыз мамлекеттик университети|КМУнун]] [[Филология|филология]] факультетин бүтүргөн (1956 ж.). 1969–1985 ж. жарык көргөн “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн” түзүүгө катышкан. 1968 ж. “Алыкул Осмоновдун поэзиясынын тили” аттуу темада кандидаттык диссертация жактап, ал өзүнчө монография болуп жарык көргөн.
Кырбашев “[[Манас]]” эпосуна арналган бир нече эмгектердин автору. Ал “[[Манас]]” эпосунун стили (1983 ж.) аттуу [[Монография|монографиясын]] жарыялап, анда [[С. Орозбаков]] менен [[С. Каралаев]]дин варианттарын салыштыруу аркылуу эпостун стилин ачып берген. Мында эпостун композициялык структурасынын өзгөчөлүгү, [[Сюжет|сюжет]] куруунун ыктары, образдардын жана көркөм каражаттардын өзгөчөлүгү, ошондой эле “[[Манас]]” эпосундагы эпикалык ыр түзүлүшүнүн жалпы маселелерине көңүл бурган. Булардан сырткары ал “Эл акындарынын чыгармачылыгынын тарыхынын очерки” (1988 ж.) аттуу коллективдүү эмгекте манасчылар [[С. Орозбаков]]дун,[[Ш. Рысмендиев]]дин, [[М. Чокморов]]дун, [[Ж. Сарыков]]дун, [[Ж. Кожеков]]дун, [[А. Рысмендиев]]дин чыгармачылыгы боюнча портреттик макалаларды жазган. [[М. Чокморов]]дун айтуусундагы “[[Семетей эпосу]]нун өзгөчөлүгү” аттуу эмгеги жарыяланган. [[СОВ]], [[СКВ]] боюнча “[[Манас]]” эпосунун тексттерин орус жана кыргыз тилинде даярдоо, чыгаруу иштерине, “[[Манас]]” энциклопедиясынын жарыяланышына да активдүү катышкан авторлордун бири. Кызылсуулук манасчы [[Жусуп Мамай]]дын чыгармачылыгына арналган “Манасчы Жусуп Мамай” (1997 ж.) аттуу [[Монография|монографиясы]] бар. Мындан сырткары “Эл адабияты” сериясына, “Кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу 7 томдон турган жамаат эмгекке бир катар илим макалалары жарыяланган. Ал жарым кылымга чамалаш эмгек жолунда адабияттын ар кыл көйгөйлөрүнө арналган 200-дөн ашуун илим эмгектердин, макалалардын автору. Булардын ичинде чет өлкөлөрдө жарык көргөндөрү да бар.