Коомдук келишим теориясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Коомдук келишим теориясы''' – мамлекет менен укуктун адамдардын ортосунда аң-сезимдүү түзүлг..."
 
No edit summary
3-сап:
Аталган теорияны жактоочулардын көз карашында мамлекетке чейин ашынган анархия же «бардыгынын бардыгына каршы күрөшү», ошондой эле жеке адамдын чексиз эркиндиги менен тыгыз байланышкан «табигый абал» болгон. Өздүк коопсуздугун камсыз кылуу, менчигин ж. б. жеке укуктарын коргоо үчүн адамдар чексиз эркиндиктен баш тартып, өздөрүнүн табигый укуктары менен эркиндиктеринин көп бөлүгүн мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүү зарылдыгын түшүнүшкөн. Мамлекеттин келишимдик жол менен пайда болгондугу тууралуу алгачкы түшүнүктөр байыркы мезгилдерде эле пайда болгон.
 
Коомдук келишим теориясы тууралуу ар тараптан иштелип чыккан окуулар 17–18-кылымдарда [[Буржуазия|буржуазиянын]] [[Феодализм түшүнүгү|феодализмге]] жана абсолюттук [[Монархия|монархияга]] каршы чыгууларга байланыштуу пайда болгон ([[Гоббс, Томас|Гоббс]], [[Гассенди, Пьер|Гассенди]], [[Спиноза, Бенедикт|Спиноза]], [[Локк, Жон|Локк]], [[Руссо, Жан-Жак|Руссо]] ж. б.). Коомдук келишим окуусу коомдук келишим шарттарын бузган [[Феодализм түшүнүгү|феодалдарга]] каршы [[Буржуазия|буржуазиянын]] күрөшүнө [[Идеология|идеологиялык]] негиз болуп калган.