Сальмонеллез: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " '''Сальмонеллез''' - курч түрдө зооноздуу- антропоноздуу, бактериалдуу жугуштуу ооруларынан боло..."

No edit summary
5-сап:
==Этиологиясы==
Козгогучу Salmonella турунен, түркүмү Enterobacteriaceae, кыймылдуу, тегерегинде чачыктары бар, спорасы жана кабыкчасы жок, грамм - терс, өлчөмү 1-3 х 0,2-0,6мндон турган таякча.

Экзотоксинди (энтеротоксини термолабилдүүү жана термостабилдүү) жана цитотоксинди бөлүп чыгарат. Энтеротоксин суюктукту туздары менен кошо ичегиге толтура куят, ал эми цитотоксин клеткадагы [[белок]] синтездөөчү ироцесссти бузуп, ичегинин ички кабыкчасынын цитомембранасын тейлейт. Козгогуч жок болгондо пайда болгон эндотоксинге уулануу белгилери караштуу.

Козгогучтун О-аитигени соматикалуу, термостабилдүү жана Н-антигени чачыктуу, термолабилдүү. Кээ бир штаммдары ИИ-АГди, капсулдуу К-АГ, былжыр М-АГден турат. Сальмонеллёздун негизги уусу (токсини) - энтеротоксинн жана ЛПС-комплекс (эндотоксин), козгогуч жок болгондо пайда болот.

Эларалык серологиялык сальмонеллдердин антигендүү классификациясы, Кауфман-Уайттын схемасынын негизинде түзүлгөн. Анын серогруппалары А, В, С, Д, Е дагы башка 3000 дөн ашык сероварлары бар. Анын ичинен кишиге таандыгы 700дөн ашык. Көпчүлүк убакта кездешүүчүлөрү: S.typhi murium, S.Heidelberg, S.enteritidis, S.anatum, S. Derbi, S.london, S.panama ж.б.

Козгогучтар кургакта көпкө сакталат: комнатадагы температурада 45-90 күн, жаныбарлардын кургак тезектеринде 3-4 жыл, сууда (РН ылдый болсо) - 40-60 күн, сүт жана эттен жасалган тамактарда - 4 айга чейин сакталат да көбөйүшөт. Ал эми тамактын органолептуу сапаттарын өзгөрпөйт. Козгогучту жок кылыш үчүн 400 гр. этти 2,5 сааттан кем эмес кайнатуу керек. Тышкы чөйр өдө 1 айдан 18 айга чейин сакталат жана кээ бир тамак-ашта көбөйүп өсүп-өнүгөт.

==Эпидемиологиясы==
Козгогучтун булагы жана таратуучусу болуп: мүйүздүү малдар, чочколор, тооктор, каздар жана башка үй жана жырткыч айбандар жана куштар болуп эсептелет. Андан башка: оорулуу адамдар жана [[бактерия]]ны өнөкөт алып жүрүүчүлөр. Жаныбарлар козгогучту заңы, сийдиги, сүтү, шилекейи, чимкириги аркылуу бөлүп чыгарат жана ал бир канча жылга созулат. Өзгөчө, уй, кой, чочко, жылкы коркунучтуу, ал эми ит, мышык, чычкан, келемиш, түлкү, карышкыр, аюу, маймылдар да таратат.
Куштардан сууда сүзүүчүлөр эң коркунучтуу, алар когогучтун булагы болуп эсептелет. Козгогуч жалаң алардын этинде гана эмес, ички органдарында, жумурткасында да болот. Ошондуктан, бышырылбаган өрдөктүн, каздын, тооктун чийки жумурткасын жээге болбойт. Алардын ичине кептер, чымчык, чаек ж.б. куштар, дагы жылан, кескелдирик, бака, балык, рак, крабдар да кирет.
Сальмонеллездун булагы жана таратуучулары: оорулуу адамдар, бактерияны алып жүрүүчүлөр өзгөчө "пищевиктер." [[Инфекция]] адамга ооз-мурун аркылуу булганган тамак, сууну ичкенде кирет.