Сальмонеллез: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
10-сап:
Козгогучтар кургакта көпкө сакталат: комнатадагы температурада 45-90 күн, жаныбарлардын кургак тезектеринде 3-4 жыл, сууда (РН ылдый болсо) - 40-60 күн, сүт жана эттен жасалган тамактарда - 4 айга чейин сакталат да көбөйүшөт. Ал эми тамактын органолептуу сапаттарын өзгөрпөйт. Козгогучту жок кылыш үчүн 400 гр. этти 2,5 сааттан кем эмес кайнатуу керек. Тышкы чөйр өдө 1 айдан 18 айга чейин сакталат жана кээ бир тамак-ашта көбөйүп өсүп-өнүгөт.

==Эпидемиологиясы==
Козгогучтун булагы жана таратуучусу болуп: мүйүздүү малдар, чочколор, тооктор, каздар жана башка үй жана жырткыч айбандар жана куштар болуп эсептелет. Андан башка: оорулуу адамдар жана [[бактерия]]ны өнөкөт алып жүрүүчүлөр. Жаныбарлар козгогучту заңы, сийдиги, сүтү, шилекейи, чимкириги аркылуу бөлүп чыгарат жана ал бир канча жылга созулат. Өзгөчө, уй, кой, чочко, жылкы коркунучтуу, ал эми ит, мышык, чычкан, келемиш, түлкү, карышкыр, аюу, маймылдар да таратат.

Куштардан сууда сүзүүчүлөр эң коркунучтуу, алар когогучтун булагы болуп эсептелет. Козгогуч жалаң алардын этинде гана эмес, ички органдарында, жумурткасында да болот. Ошондуктан, бышырылбаган өрдөктүн, каздын, тооктун чийки жумурткасын жээге болбойт. Алардын ичине кептер, чымчык, чаек ж.б. куштар, дагы жылан, кескелдирик, бака, балык, рак, крабдар да кирет.

Сальмонеллездун булагы жана таратуучулары: оорулуу адамдар, бактерияны алып жүрүүчүлөр өзгөчө "пищевиктер." [[Инфекция]] адамга ооз-мурун аркылуу булганган тамак, сууну ичкенде кирет.

===Негизги жуктуруу жолдору===
Тамак-аштан (алиментардуу), бул негизги жолу;- тыкыс байланыштан жугуу бир жашка чейинки балдар жана карыялар жана аба, суу аркылуу жугат.

===Таратуучу факторлору===
Ооруган жаныбарлардын эти, балык, жумуртка жана андан жасалган тамак-аш, сүт, сүттөн жасалган тамактар, жашылча- жемиш, ууланган суу жана кондитердик тамактар болуп эсептелет. Козгогуч тамак-ашта бат көбөйүп, экзо- жана эндотоксинди пайда кылып, вирулентүүлүгүн жогорулатат. [[Аба]] аркылуу жугуу жаш балдардын арасында кездешет. Малды багып тазалап, тыкыс байланышта болгондо жана ооруканада (внутрибольничная) - оорулуу балдардан, анда иштеген кызматкерлерден, ата-энеден, төрөт аялдардан жугат.

Сальмонеллездун очогу жай өөрчүп, тыкыс байланышта жугуп, көпкө созулат да көпчүлүк учурда бир жашка чейинки балдардын арасында өтө оор түрдө, абдан бийик жана көпкө созулган ысытмасы, жайылма (генерализованная) формада өтөт да көпчүлүк убакта майыпка учуратат. Анын козгогучу S. typhi murium госпиталдуу штамм жана ал көп дарыларга туруктуу. Ооруп калыш үчүн когогучтун өтө аз өлчөмү жетиштүү.

Козгогучу S. enteritidis ден найда болгон сальмонеллез,
кийинки учурда көбүрөөк кездешип, малдын эти жана куштун
жумурткасы аркылyy тарайт.

Сальмонеллез табыйгый кабыл алуусу кишилерде абдан бийик.

Сальмонеллез жылдын бардык мезгилинде кездешет, айрыкча жай-күз мезгилинде көбөйөт. Иммунитети типоспецификалуу жана кыска мөөнөткө созулат.

==Патогенези==
Оору пайда болуш үчүн организмге козгогучтар жана анын токсини да тамак-аш же суу аркылуу ичке ичегинин ички кабыкчасы аркылуу энтероцитке кирип, (адгезия) макрофагдын ичинде көбөйөт, фагоцитоз аркылуу сальмонелдер жок болгондо ЛПС-комплексти (эндотоксин) пайда кылат. Эндотоксин макрофаг менен моноцитти күчөтүп цитокинди бөлүп чыгарып, аш-казандын жана ичегинин былжыр кабыкчаларын сезгентип эксудативдүү [[диарея]]ны жаратат. Энторотоксин аденилатциклаздуу системаны күчөтүп , цикличтүү нуклеотиддерди пайда кылып, а-кретордуу диареяны өрчүтүп дегидратацияны пайда кылат. Простогландиндин Е группасы секретордук процессти күчөтүп , жылмакай булчуңду жана ичегинин кыймылын тездетет. Эндотоксин ичегинин нерв-тамыр аппараттарын, клетканын мембрандарын сезгентип, андан ары лимфожолдору менен мезентериалдуу лимфотүйүндөрүнө жетет да, андан кийин канга жайылып кан аркылуу ички органдарга тарайт: [[боор]] жана [[көкбоор]] чоңоет, козгогуч макрофагдын цитоплазмасынын ичинде өнүп өркүндөйт да көпчүлүгү өлгөөндөн кийин токсин көбөйүп, уулануу өрчүйт. Токсин ичке ичегини сезгендирип, энтерит синдромун пайда кылат да биологиялык активдүү гистамин, серотонин, простогландин, цикличтүү нуклеидтер өлчөмсүз көп суюктук менен калийдин, натрийдин диарея аркылуу жоготуусуна алып келет, ошондуктан суу-электролиттүү балансты бузат.