Акбар шах, Биринчи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
мNo edit summary
47-сап:
Түштүк Азиянын оодук бөлүгүнө өкүм жүргүзгөн «Улуу Моголдор» сулалесинин өкүмдары, айтылуу Бабурдун урпактарынын бири Акбар шах өз мамлекетиндеги диндер аралык араздашууга жана түшүнбөстүккө чек коюу максатында «ыйык дин» аталган жаңы динди түзүүгө далаалат кылган.
 
Бул жаңы синкреттик диний агым исламдын жоболоруна тарса (хрисианхристиан), жайнизм, зороастризм сыяктуу башка диндердин элементтерин жуурулуштурууга багытталган.
 
Акбар шахтын доорунда исламдан башка диндердин өкүлдөрүнө да айкөл мамиле жасалган.
77-сап:
“Дин-и илахи” агымын жайылтуу далаалаттары доорунда мусулмандар дүйнөсү үчүн көркөм адабият байытылган. Анткени ошол доордо “Рамайана”, “Махабхарата” дастандарынын жана “Инжилдин” тексттери мусулман калайыгы үчүн которулган.
 
Тарыхчы Аблулкадыр Бадауни, өзүнүн такыба мусулман болгонуна карабастан, Акбар шахтын буйругу менен “Рамайана” дастанын санскриттен которгон. Бул ишти ыплас иш санаган тарыхчы Бадауни ар күнкү ишин аяктаар замат даарат алып, намаз окуп турган дешет. Башка бир маалыматка караганда, бул тарыхчы өзү да Бирдиктүү Кудайга болгон ишенимге жалпы адамзатты баш коштурууга ынанган имиш.
 
“Дин-и илахи” агымы, негизинен, динге караганда этикалык (адеп-ахлактык) системага көбүрөөк жакын келет.