Жорж Беркли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.3) (робот өзгөрттү: pl:George Berkeley (filozof)
м r2.7.3) (робот кошту: pnb:جارج برکلے; косметические изменения
1-сап:
[[FileФайл:George_Berkeley_by_John_Smibert.jpg|250px|thumb|right|Жорж Беркли]]
== Өмүр баяны ==
Жорж Беркли (1685—1753) — [[Англия|англиялык]] эмпиризмдин бир кыйла олуттуу өкүлү. Ирландияда, англиялык дворяндык үй-бүлөдө туулган. Дублин университетин бүтүрүп, 1704-жылы искусство бакалавры деген даража алат. Көпкө узабастан ал коллежде сабак бере баштайт. 1713-жылдан баштап Францияда, Италияда, Түндүк Америкада көп жолу саякатта болуп, ал жерде миссионердик иш жүргүзүүгө ниеттенет, бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу ата-мекенине кайтып келет. Англиялык чиркөөнүн эпископу деген наам алган соң өзүнүн калган бүткүл өмүрүн Түштүк Ирландиядагы Клойн деген жерде өткөрөт. Өлөрүнөн бир аз мурда Оксфордго көчүп келет да, көпкө узабай каза болот.<br />
8-сап:
Өзүнүн философиялык көз караштарын негиздөөнү Беркли Локктун сенсуалдык окуусун талдап, сынга алуудан баштайт. Өзүнүн негизинде локктук жана берклиандык системалар окшош, башкача айткандаалар экөө тең эле жалпы эмпирикалык өбөлгөлөрдөн келип чыгышат да, бирок бири-бирине карама-каршы корутундуларга келишет. Эгерде локктук система негизинен реалисттик болсо, берклиандык философия идеалисттик болгон.
Локк предметтердин бардык сапаттарын биринчи жана экинчи деп бөлүп карайт. Биринчилерге узун-кыскалык, салмак жана дагы ушундай сыяктуу, экинчилерине биринчилерге байланыштуу болгон сапаттарды таандык кылат. Беркли болсо, бардык сапаттарды экинчилик сапаттар деп эсептейт, анткени биринчилик сапаттар экинчилик сапаттар кандай мүнөзгө ээ болсо ошол эле мүнөзгө ээ, алсак узун-кыскалык обьективдүү сапаттар болуп саналбайт, алар биздин кабылдообузга, аң-сезимибизге көз каранды. Ал мындай дейт: предметтердин көлөмү кандайдыр обьективдүү нерсе эмес, ал предметтин бизге чоң же кичине болуп көрүнүшү менен гана аныкталат, башкача айткандапредметтердин көлөмү дегенибиз — ал туюп-сезүү органдарыбызга таяна турган биздин тажрыйбабыздан келип чыккан корутунду. Мына ошентип биринчилик жана экинчилик сапаттардын жашап турушу биздин кабылдамаларыбыз менен шартталган.<br />
[[FileФайл:George Berkeley Bishop of Cloyne.jpg|thumb|200px|Джордж Беркли]]
== Беркли материя жөнүндө ==
Материя жөнүндөгү түшүнүктү талдап караганда да Беркли ушундай эле ой жүгүртөт. Локк боюнча, биз абстракция жолу менен, башкача айткандапредметтерден жалпы мүнөздөрүн жана белгилерин бөлүп алабыз да материя деген түшүнүккө келебиз. Ушундай эле жол менен биз мейкиндик түшүнүгүнө келебиз. Беркли болсо, биз мындай жол менен материя түшүнүгүнө келе албай тургандыгыбызды далилдөөгө аракеттенет, мында ал биринчилик жана экинчилик сапаттар жөнүндө айткан аргументтерин келтирет. Ал абстрактуу жалпы идеялардын жашап турушу мүмкүн эмес, анткени нерселерди кабылдоодо биздин ан-сезимибизде конкреттүү бир таасир, конкреттүү бир образ (бейне) пайда болот, бул жерде эч кандай жалпы идеянын болушу мүмкүн эмес. Башкача айткандаэгерде биз үч бурчтукту кабылдасак, анда ал конкреттүү үч бурчтук гана, ал спецификалык өзгөчөлүктөрү жок, кандайдыр абстрактуу үч бурчтук боло албайт. Ушундайча эле, Берклинин көз карашына ылайык, адамдын, кыймылдын жана башкалардын абстрактуу жалпы идеяларын жаратуу мүмкүн эмес. «Так ушунун өзүндөй эле,— деп жазат Беркли,— кыймылды болгон нерседен айырмалана турган кыймылдын тез да эмес, жай да эмес, түз да эмес, ийри да эмес кыймылдын абстрактуу идеясын түзүү мен үчүн мүмкүн эмес иш, калган бардык абстрактуу идеялар жөнүндө да ушунун эле өзүн айтууга болот» [Чыгарм. М., 1978.157-158-6.]. Абстрактуу идеяларды Беркли сөздөрдүн оюну катарында караган.<br />
29-сап:
[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
[[CategoryКатегория:Философия]]
[[CategoryКатегория:Персоналия]]
 
[[ar:جورج بيركلي]]
73-сап:
[[pl:George Berkeley (filozof)]]
[[pms:George Berkeley]]
[[pnb:جارج برکلے]]
[[pt:George Berkeley]]
[[ro:George Berkeley]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жорж_Беркли" булагынан алынды