Схоластика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Схоластика''' (гр. scholasticos, schole – мектептик, мектеп) – орто кылымда христиан дин эрежелерин системалаштырып иштеп чыгып, аны рационалдуу негиздөөгө аракеттенген теологиялык «мектеп философиясы».
 
Схоласттар антикалык философиянын идеяларын пайдаланышып, жалпы европалык, чыгыштык универсалдуу схоластиканы жаратууга умтулушкан. Схоластиканын өнүгүүсү бир нече мезгилге бөлүнөт: алгачкы схоластикага (11–12-кылымдар) [[Неоплатонизм|неоплатонизм]] мүнөздүү (иштеп чыккандар [[Эриугена, Ёханн Скот|Эриугена]], А. Кентербийский); жетилген «классикалык» мезгилинде (12–13-к.) «христандык аристотелизм» үстөмдүк кылган ([[Улуу Альберт]], [[Аквинский, Фома|Фома Аквинский]]).
 
Кийинки мезгилдеги (13–14-к.) схоластиканын өкүлдөрү ([[Дунс Скот]]) схоластикадагы томизмге ([[Аквинский, Фома|Ф. Аквинскийдин]] окуусуна) каршы чыгышкан жана ага кош чындык теориясын каршы коюшкан. Жаңылануу ([[Орус тили|орус]]. возрождение) философиясынын соккусу менен Схоластка идеологиядагы өзүнүн басымдуулугун жоготот. Андан кийин келип чыккан (15–16-к.). [[Католик|Католиктик]] [[Неосхоластика|неосхоластика]] деп аталган уламасы (аткаруучусу [[Иезуит|иезуит]] [[Суарес, Франсиско|Ф. Суарес]]) менен протестанттык уламанын (аткаруучусу Ф. Меланхтон) ортосундагы талаш-тартыштар акыр аягында келип католик чиркөөсүнүн [[Реформация|реформация]] агымына каршы күрөшүн чагылдырып калат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Схоластика" булагынан алынды