Кет Бука: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
7-сап:
Кет Буканын табышмагында, [[Чыңгыз Хан|Чыңгыз хандын]] чечмелешинде, кайталангыс салыштыруулар, терең ойлор орун алып, угузуу азыркы турпатында да 13-к. кагазга түшүрүлгөн [[Түрк|түрк]] ырынан алда канча бийиктикке көтөрүлгөн. Бул болсо чыгарманын эл арасында көп айтылып, такталып, мазмундук-көркөмдүк жагынан калыптанып, өз алдынча өсүп-өнүгүшүнүн күбөсү. Улуттук Алтын казынага кирген “Кет Бука” күүсү да тыңшоочуларды кайдыгер калтырбайт. Күү залкар комузчулар [[Карамолдо Орозов|Карамолдо Орозовдун]] аткаруусунда жазылып алынган. Мындан башка да варианттары бар. Бизге жеткен ушул угузуунун сөздөрүнүн тереңдиги, образдуулугу Кет Буканын акындык кудуретин, анын улуулугун, сөз чеберчилигин ачык аныктап турат.
 
==Колдонулган адабияттар==
 
???
== Айрым шилтемелер ==
[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/kpa1/5bap/section2.html#title4 Айгандын (Чыңгызхандын) баласы өлгөндө Кет Буканын угузганы]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кет_Бука" булагынан алынды