Акшыбак: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Акшыбак''' (Artemisia leucodes)- шыбак уруусунун бир түрү. <br> Бир, эки же көп жылдык өсүмдүк, жарым бадалд..."
(Айырма жок)

31 июль 2012, саат 22:40 учурдагы нуска

Акшыбак (Artemisia leucodes)- шыбак уруусунун бир түрү.

Бир, эки же көп жылдык өсүмдүк, жарым бадалдар, кээде бадалдар. Тамыры жоон, катуу, көп сабактуу. Жалбырактары канаттай тилкелүү, агыш түктүү. Гүлдөрү майда кызыл же сары. Топгүлү майда себет, себетчелери сырты нан ороочтуу топтошуп жалпы чачы сымал же шыпыргы сымал топгүлдөрдү түзөт. Шамал менен чандашат, кээде чымын-чиркей катышат же ачылбаган гүлдөрүнүн ичинде өзү менен өзү чандашат.
Акшыбак кумдак, кургак жерлерде өсөт. Борбордук Азияда кеңири тараган.

Колдонулган адабият

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-002-4