Алабата: нускалардын айырмасы
Created page with "{{Taxobox | image = Atriplex canescens habit.jpg | name = Алабата | genus = шакардуулар | species = Алабата }} '''Алабата''' (Atri plex) ..." |
(Айырма жок)
|
31 июль 2012, саат 23:04 учурдагы нуска
Алабата | |
Илимий классификация | |
---|---|
уруусу: | шакардуулар |
түрү: | Алабата |
Алабата (Atri plex) — шакардуулар уруусундагы бир же көп жылдык бадал сымал өсүмдүк.
Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Топгүлү машак, бир жыныстуу, аталык гүлү 5 муунактуу, энелик гүлүнун көбү жан- жалбыраксыз. Мөмөсү бир уруктуу.
Уругу шамал, суу аркылуу таралат. Алабатанын 225 түрү белгилүү, андан 33ү КМШда, 10дон ашыгы Кыргызстанда өсөт. Кыргызстанда татар Алабата, бутактуу Алабата, жылтыр Алабата — көп тараган отоо өсүмдүктөр. Алар көбүнчө жол боюна, короо четине, кемерге, огороддо, ээн жерде, бак-арасында пахта плантациясында өсөт. Алабатаны күзүндө жана кышында төө, кой, эчки жакшы жейт. Жайкысын ууктурушу мүмкүн. Каршы күрөшүү чаралары: даны ката электе чаап салуу, үрөндү тазалоо, айдоо аянтын жумшартуу.
Колдонулган адабият
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4