Алай искендерасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Алай искендерасы''' (Iskandera alaica) - кайчылаш гүлдүүлөр тукумунун өкүлү. Кызыл китепке катталган өт..."
(Айырма жок)

31 июль 2012, саат 23:26 учурдагы нуска

Алай искендерасы (Iskandera alaica) - кайчылаш гүлдүүлөр тукумунун өкүлү. Кызыл китепке катталган өтө сейрек кезигүүчү эңдем өсүмдүк.

Көп жылдык, сабагы көп, түп жагы жыгачка айланган. Сабагы жалбыраксыз, бийикт. 20(50) см. өсүмдүктүн бүт денеси боз түк менен капталган. Узата жумуртка сымал жалбырактары өсүмдүктүн түп жагына топтолуп жайгашат. Гүл жандагычтары сыя түстө. Июнь айында гүлдөйт. Саадагы жазы, уз. 6 cм, эни 5—8 тт. Алай өрөөнүнүн, Кашкасуунун алабындаш Кызылэшменин чополуу капталдарында кезигет. Уругу менен көбөйөт. Алай искендерасы өскөн жерлерге мал жайылбай, корукка алынса болмок.

Колдонулган адабият

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4