Алгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Алгы''' (Korolkovia severtzovi) — лилия гүлдүүлөр тукумундагы, көп жылдык өсүмдүк. Пиязтүбү тоголок, э..."
(Айырма жок)

1 август 2012, саат 00:03 учурдагы нуска

Алгы (Korolkovia severtzovi) — лилия гүлдүүлөр тукумундагы, көп жылдык өсүмдүк.

Пиязтүбү тоголок, эни 5 ст. Сабагы жоон, уз. 20-60 cм, жогору жагы жалбырактуу, жалбырактары учсуз, жыланач, калын, сабагына оролуп, кезектешип жайгашат. Гүлдөрү анча көп эмес, кызгылтым күрөң түстө. Мөмөсү кутуча, туурасы 3—5 cм, апрель-май айларында гүлдөйт. Чополуу бөксө тоолордун беттеринде өсөт. Кыргыз Алатоосунун түштүк тармактарында, Талас, Алай, Чаткал кырка тоолорунда кездешет.

Колдонулган адабият

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-002-4