Гимнастика: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: wa:Djimlastike |
м r2.7.3) (робот кошту: bn:জিমন্যাস্টিক্স; косметические изменения |
||
3-сап:
Гимнастикалык машыгууну врач менен кеңешүүдөн кийин баштоо керек. Машыгуу мезгилинде жылына эки жолу врачтык текшерүүдөн өтүп туруу, айрыкча балдар менен улгайып калган кишилерге талап кылынат.
Гимнастика денени жалпы өөрчүтүүчү, спорттук жана колдонмо болуп үч түргө бөлүнөт. Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастикага негизги, [[
'''Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастиканын түрлөрү.''' Негизги гимнастика бардык жаштагы кишилердин ден соолугун чыңдоо, массалык тарбиялоонун маанилүү каражаты. Ага жүгүрүү, секирүү, сойлоо, чоюлуу, бир нерсени ыргытуу жана башка кыймылдар, ошондой эле кээ бир гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр кирет. Гимнастика жаш балдарды туура тарбиялоонун эң маанилүү факторлорунун бири. Ал баланын дене түзүлүшүн, кулк-мүнөзүн жакшы калыптандырууга жардам берет. Балдардын гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуусу алардын кыймыл-аракетин, дене келбетин жакшыртат, ошондой эле балдарды чечкиндүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Борбордук нерв системасы, жүрөк-кан тамыр, дем алуу, булчуң системаларын өнүктүрүп, зат алмашуу процессин жакшыртат.
85-сап:
19 — терең дем ала, тез баскыла.
Улгайган кишилердин гимнастика менен машыгуусу кан айлануу, дем алуу, [[
Гимнастика менен машыгуунун алдында врачтын кароосунан өтүп, анын кеңешин угуу талап кылынат.
Гимнастиканын [[Гигиена|гигиеналык]] түрү көбүнчө эртең менен аткарылуучу көнүгүүлөр системасы түрүндө жүргүзүлөт.
Атлетикалык гимнастика менен негизинен дени соо уландар, жигиттер жана орто жаштагы эркектер машыгышат. Машыгууда [[
'''Ритмдүү гимнастика.''' Гимнастиканын түрү эстрадалык музыканын коштоосунда бий бийлөөгө жакындатылып аткарылуучу гимнастикалык көнүгүүлөрдүн системасынан турат.
96-сап:
'''Гимнастиканын спорттук түрлөрү.''' Спорттук гимнастика негизинен татаал кыймыл координациясын, күч жана эркти талап кылуучу көнүгүүлөрдүн системасынан турат. Спорттук гимнастика менен жалпы дене даярдыгы жакшы жаштар машыкса болот. Эркектер эркин көнүгүүлөрдү аткарат жана таянып секирүү, брусьяда, алкакта, турникте жана кармагычтуу жыгач ат үстүндө аткарылуучу көнүгүүлөрдү, аялдар эркин көнүгүүлөрдү аткарат жана таянып секирүү, ар түрдүү бийиктиктеги брусьяда жана жазы мамы үстүндө аткарылуучу көнүгүүлөрдү жасайт.
Гимнастикалык шаймандарда көнүгүүлөрдү аткаруу кол жана тулку бой булчуңдарын өөрчүтөт жана муундарды бекемдейт. Таянып секирүү, гимнастикалык эркин көнүгүүлөрдү аткаруу, жазы мамы үстүндө көнүгүү негизинен бут булчуңдарын өөрчүтүп, кыймылдын тактыгын жана координациясын жакшыртат. Гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткарууда дене абалынын тез-тез алмашып турушу [[
Акробатика өзгөчө күч менен аткарылуучу көнүгүүлөрдөн, секирүүлөрдөн, тең салмактуулукту сактоого багытталган кыймыл-аракеттерден, ар түр күн пирамидаларды түзүүдөн турат ([[Акробатика]]).
105-сап:
Мисалы: монтажчылардын кесибин өздөштүрүүдө бийиктикте аткарылуучу көнүгүүлөр пайдалуу келет. Азыркы мезгилде кесип өзгөчөлүктөрүнө ылайык кесиптик-колдонмо гимнастика менен машыгуу ыкмалары иштелип чыккан.
[[Спорт|Спорттук]]-колдонмо гимнастика спорттун белгилүү түрү боюнча спорттук мыкты ийгиликке жетүү максатында колдонулат. Ага эртең мененки [[
[[Аскер|Аскердик]]-колдонмо гимнастика негизинен Советтик [[Армия|Армиянын]] катарында кызмат өтөө мезгилинде колдонулат. Гимнастиканын бул түрү бир катар татаал жана оор көнүгүүлөрдөн турат. Алар негизинен оордуктар менен аткарылат, жүгүрүүнү, секирүүнү, турникте ойноону, брусьяда көнүгүүлөрдү аткарууну, ар түркүн татаалдыктагы тоскоолдуктардан өтүүнү талап кылат. Аскердик кызматтын өзгөчөлүгүнө жараша аскердик-колдонмо гимнастика менен машыгуу да түрдүү болот.<br />
114-сап:
'''Врачтык текшерүү.''' Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастика менен машыккан ар бир киши жашаган же иштеген жеринен врачтык текшерүүдөн өтүп турушу керек. Ал эми гимнастиканын спорттук түрү менен машыгуучулар врачтык-физ-ралык атайын диспансерлерден врачтык текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү. Анткени гимнастиканын спорттук түрлөрү менен машыгууга ден соолуктагы кемчиликтер олуттуу тоскоол болот. Спорттук гимнастика, көркөм гимнастика жана акробатика менен машыгууга жүрөк, бөйрөк, боор жана дем алуу органдары ооруган кишилерге уруксат берилбейт
'''Гигиеналык талаптар.''' Гимнастика менен машыккандардын кийими кыймыл-аракетке тоскоол болбоосу керек. Эркектер гимнастикалык шым жана майка, аялдар атайын гимнастикалык костюм кийгени оң. Бут кийим булгаарыдан тигилип, боосу жок жасалат. Машыгуудан кийин жылуу душ алып, жумасына бир жолу мончого барып туруу керек. Өзгөчө алакандын абалына чоң көңүл буруу зарыл. Анткени, гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр колдун чор болушуна алып келет. Анын алдын алуу үчүн колго [[
121-сап:
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
[[
[[
[[
[[af:Gimnastiek]]
132-сап:
[[az:Gimnastika]]
[[bg:Гимнастика]]
[[bn:জিমন্যাস্টিক্স]]
[[bs:Gimnastika]]
[[ca:Gimnàstica]]
|