Мүнөздөп тамактануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Мүнөздөп тамактануу''' (диета менен дарылоо)(грек тилинен δίαιτα — жашоонун мүнөзү..."
 
35-сап:
№ 9 диета кант диабетинде берилет. Тамактануу рационунан углевод менен май азайтылат. Күндүк рациондун химиялык составы дарылоочу врач берген атайын таблицада эсептелинегг. Күнүнө 4төн кем эмес жолу каалаган тамакты ичсе болот. Азыктын түрү, саны врач сунуш кылган углеводдун, майдын өлчөмүнө жана калориялуулугуна жараша болот. Канттын ордуна ксилит жана сорбит колдонулат. Кант диабети менен ооругандар үчүн атайын кебектүү нан чыгарылат. Картошка, сабиз, кызылча, шалгам жана башкалар углеводу көп жашылчалар аз пайдаланылат. Жашылчаны майдалап, 8—12 саат сууга чылап коюп, сууну алмаштырып турат. Бул крахмалдын өлчөмүн азайтат. Канттан башка бал, кыям, жүзүм, инжир, дарбыз пайдаланылбайт.
 
[[Файл:Пирамидасы.jpg|250px300px|left|thumb|Туура тамактануу пирамидасы]]
 
=== № 10 диета ===
№10 диета жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөгү ооругандарга берилет. Тамак рационунда туз жана суюктук кескин азайтылат. Тамак сууга же бууга бышырылып, майдаланып даярдалат; тамакты такыр куурбаш керек. Тузсуз тамактын даамын жакшыртуу үчүн тузду көп керектебеген азыктар — сүт, быштак, жемиш соустары пайдалуу; тамакка кант, бал, лимон кислотасын, томат ширесин, ванилин, жыттуу кабык кошсо болот. Эт жана балык тамактарын күнүнө 2 жолудан ашык пайдаланууга болбойт. Калий тузу көп азыктарды (мейиз, как, өрүк, инжир, картошка, капуста ширесин) колдонуу керек. № 5 диетадагы кара нан, капуста жана андан жасалган тамактар рациондон чыгарылат.